Акыркы макалалар

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республиканын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 31-декабрында, мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын жана Улуттук экономиканы чыңдоо жылынын жыйынтыгы боюнча, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн Кыргыз Республиканын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын тексти:

“Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын жана Улуттук экономиканы чыңдоо жылынын жыйынтыгы боюнча, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:

II даражадагы «Манас» ордени менен:

Дуйшеев Шайлообек - жазуучу, «Азаттык Медиа» мекемесинин «Азаттык» радиосунун алып баруучусу;

Джамашева Феруза Зулумбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары;

III даражадагы «Манас» ордени менен:

Ваккер Евгений Владимирович - спортсмен, Кыргыз Республикасынын велоспорт боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү;

Жекшеев Жыпар Жекшеевич

- коомдук ишмер;

Жээнбеков Сооронбай Шарипович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы экс-ыйгарым укуктуу өкүлү;

Полотов Улукмырза - К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын профессору;

«Эрдик» медалы менен:

Абдубалиев Актилек Асанович

(курман болгондон кийин)

- Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын № 4 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук тартипти сактоо бөлүмчөсүнүн милициянын участкалык инспектору;

Акчекеев Алмазбек Тентиевич - Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кайгуул күзөт милиция кызматынын полкунун 4-ротасынын кызматчысы;

Акчубаков Аваз Акматбекович

(курман болгондон кийин)

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы фермер-комбайнёру;

Джолдошов Гүлжигит Дарманбайевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн командиринин тарбия иштери боюнча орун басары;

Касмалиев Каниет Токтокеримович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Барс» ТЧАОнун 1-бөлүмүнүн кенже оперуполномоченныйы;

Сыдыгалиев Бакай Нурбекович

(курман болгондон кийин)

- Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтеп-издөө башкармалыгынын издөө бөлүмүнүноперуполномоченныйы;

«Даңк» медалы менен:

Абай кызы Элина - киноактриса;

Алиев Мурат Абдувалиевич - «Курманжан Датка» фильминин койгон кинооператору;

Асылбашева Дариха

Замировна - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана жабылышы аземинин координатору, «Асылбашев Креатив» ЖЧКнын башкы менеджери;

Ахмедов Мелис Хайдарович - С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын окутуучусу;

Баюми Саид Мохамед Елсаид - «Жаштардын дүйнөлүк ассамблеясы» коомдук бирикмесинин президенти;

Ибраев Эркинбек

Расулович - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана жабылышы аземинин койгон режиссеру;

Ибраимов Талип - Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын башкы редактору;

Исмаилов Төлөбек Эсенбекович

(курман болгондон кийин)

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Барс» ТЧАОнун кесиптик даярдык боюнча бөлүмүнүн тоо жана альпинисттик даярдык боюнча улук инспектор-инструктору;

Камчыбеков Калмат - Ош облусунун Ноокат районунун«Абшыр-Ата» ЖЧКнын директору;

Кочкаров Бахадыр Закирович - Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президентинин кеңешчиси, ФИФАнын судьясы;

Кыдыров Талайбек Тургумбаевич - Кыргыз Республикасынын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы экс-туруктуу өкүлү;

Разаков Жеңиш Парпиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Усупбаев Раимбек Усупбаевич - Жетим балдар жана ата-энесинен кароосуз калган балдар үчүн

К. Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын директору;

Шер-Нияз Садык - Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун мүчөсү, «Курманжан Датка»фильминин койгон режиссёру;

«Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» деген ардактуу наам берилсин

Отунчиев Элүүбайга - жазуучу, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Абдылдаева Дуйшобүбү - Чүй облусунун Сокулук районунун суу пайдалануучулар ассоциациясынын колдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;

Абдымамытов Батырбек Садыкович - Нарын облусунун Кочкор райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;

Адылова Галина Кудусовна

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын медициналык-биологиялык жана агрардык илимдеринин аттестациялоочу бөлүмүнүн башкы адиси;

Азырханова Айнура Ашимбековна - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кадрлар башкы башкармалыгынын штаттык уюштуруу жана талдоо иштери боюнча башкармалыгынын штаттык уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн улук инспектору;

Айтпаева Гульнара Амановна - «Айгине» маданий-тарыхый борборунун төрагасы;

АйылчиеваЧынаркюлКарыбековна - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Жайыл райондук башкармалыгынын жеке жактар менен иштөө боюнча кирешелер бөлүмүнүн начальниги;

Акибаев Асхат

Акибаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы «Ысык-Көл-Аврора» санаторийи»мамлекеттик ишканасынын директору;

Алиева Нургуль Согушбековна - Балыкчы шаарынын № 4 мектеп-гимназиясынын география мугалими;

Алимжанова Дамира Курсановна - Жалал-Абаддагы психоневрологиялык-социалдык стационардык мекемесинин директору;

Алымбаева Бурмакан Молдобековна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл региондук казыначылык бөлүмүнүн башчысы;

Аматов Абдикарим Мавлянович - Ош шаарынын «№ 4 Темир бетон буюмдарын жасоочу завод»ААКнын башкы директору;

Амирова Улукбүбү Аскаралиевна - Баткен облусунун «Даңазат Ордо» ЖЧКнын «Салам» радиосунун башкы редактору;

Асизов Касен - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Аскерова Кифаят Балагардашевна - «Слово Кыргызстана» басма үйүнүн шеф-редактору;

Аширалиева Анаркан Шаршеналиевна - Чүй облусунун Панфилов районундагы А. Осмонов атындагы орто мектебинин орус тил жана адабият мугалими;

Базаркулова Бурул Мукашовна - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын Свердлов райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин улук мамлекеттик нотариусу;

Балыбаев Миржан Самудинович - «НТС» телерадиокомпаниясынын маалыматтык жана талдоо программалары департаментинин жетекчиси;

Бекембаев Тургазы - Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Барсбек» асыл тукум чарбасынын жетекчиси;

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...