Акыркы макалалар

Омбудсмен шайлоого жети талапкер катышмай болду

Омбудсмен шайлоого жети талапкер катышмай болду

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоо өтөт. Омбудсмен тандоо парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында карала турган алгачкы маселе болуп күн тартибине киргизилди. Акыйкатчы болууга арыз берген 36 талапкердин ичинен фракциялар алгач сегиз адамды тандап, кийинчерээк жети киши ат салыша турганы маалым болду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бул кызматка КСДП фракциясы Кубат Оторбаевди, “Республика-Ата-Журт” Рита Карасартованы, "Кыргызстан" фракциясы Нуркамил Мадалиевди, “Ата Мекен” Мавлян Аскарбеков менен Толкун Исаковду, “Бир бол” фракциясы Абдыжапар Бегматовду, “Өнүгүү-Прогресс” - Алишер Мамасалиевди көрсөтүштү.

10-декабрда өткөн шайлоодо фракциялар сегиз талапкерди сунуштап, үч айлампа менен добуш берүүдө алардын эч кимиси жетиштүү добуш алган эмес.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...