Акыркы макалалар

Нарын шаарына муздан жасалган горилла менен пингвин тартууланды

Нарын шаарына муздан жасалган горилла менен пингвин тартууланды

Нарын районунун Учкун айылынын тургуну Адилет Кутбидинов шаардыктарга муздан жасалган горилла менен пингвинди тартуулады.

-Эң алгачкы жылы Аяз ата менен Аяз кызды жасагам. Андан кийин жылкынын, кийинки жылы «Эркиндиктин символун» жасап, баарысын айылдыктарга тартуулагам. Былтыр кой жылынын урматы үчүн кочкордун айкелин Нарын шаарынын борбордук аянтына алып келип орнотком,-дейт Адилет. Ал эми гана архитектуранын окуусун сырттан окуп жатат. Ал быйылкы эмгегин келе жаткан маймыл жылына арнап оозун ачып турган кадимки горилланы жана жанына пингвинди кошо жасап келиптир.

-Албетте алдыдагы жыл маймыл жылы. Ал эми пингвин кыштын символу болгондуктан аны дагы кошо жасадым. Былтыркы жылы кочкорду машинага төрт бала эле көтөрүп салып, өз каражатым менен алып келгем. Быйыл Нарын шаардык мэриясы кран менен салып келген чыгымынан бери көтөрүп жардам кылышты,-дейт Адилет.

-Адилеттин былтыркы эмгегинен кийин биз ушундай муз айкелдери үчүн атайын сынак жарыялап, ага 10 миң сом бөлгөнбүз. Бирок тилекке каршы мындай жумушту ар ким эле жасай бербейт экен. Ошондуктан каралган акчанын 3 миң сомун жумшап, Адилеттин горилласы менен пингвинин өзүбүз барып алып келдик. Эми 31-декабрь күнү Адилетке акчалай сыйлыгыбызды бермекчибиз. Экинчиден буюрса келерки жылы шаардан Адилеттей болгон балдарды топтоп, атайын ийрим уюштуралы деп жатабыз жана «муз айкелдеринин шаарчасын» спорт майданга жасасак дейбиз,-деп билдирди шаар мэри Ы. Адиев.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...