Акыркы макалалар

«Ы» ОПЕРАЦИЯСЫ же токтом «токтоосуз»күчүнє кирген...

«Ы» ОПЕРАЦИЯСЫ же токтом «токтоосуз»күчүнє кирген...

9-апрель күнү Нарын шаардык сотунун сот залынан кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүнүн бири болуп саналган Азиз Батукаев «катуу ооруга чалдыкканына байланыштуу» деген соттун токтому менен жазаны андан ары өтөөдөн бошотулган.

Батукаев түрмєдє дагы 8 жыл 3 ай 7 күн олтурмак...

Бул маанилүү окуя, эмнегедир, маалыматты алдын ала уккан «узун кулактарды» да, күнүнө массалык маалымат каражаттарына кулак кагыш кылып тургандарды да кайып өтүп, Азиз Батукаев атайын жалданган чартердик рейс менен Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кеткенден кийин гана расмий эмес булактар аркылуу тараган.

Кашында туруп, «колунан оюнчук алдырган баладай» «кайдан көрдүм кара эшек...» деп олтуруп калган жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын бул маалыматтан артта калганы жергиликтүү ММКнын профессионалдуулугуна шек келтирип жаткандыктан, бул маалымат бизге кеч жеткенин мойнубузга алып, бул биздин маалымдуулугубуздун төмөндүгү дейли десек, окуянын чоо-жайын иликтей келгенде бул окуя алдын ала өтө кылдат даярдалып, «таза иштелип», анан ишке ашкан «Ы» «операциясына» окшоп тургансыйт.

Дегеним, жогорку жактагылардын «сценарийи» менен ишке ашканы кенедей балага да түшүнүктүү болгон бул ишти эми «ызылдатып», Жогорку Кеңеште карап, күнөөлүүлөрдү тапкан күндө деле, «жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап» деген кеп болду. Байкуш кыргыздар, бийлигибиз баш болуп Бакиевди Белоруссияга качырып коюп кайра алып келе албай жаткандай эле, өзүбүз жылуу жумшак самолетко чейин узатып барып салып ийген «криматаны» эми Грозныйдан, же андан ары кайсы чет өлкөгө кетсе ошол жагынан алып келе албашыбыз айкын.

Эске сала кетсек, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаев Кылмыш жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү), 242-беренеси (куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо) 233-беренеси (массалык тартипсиздиктер) боюнча күнөөлүү деп табылган. Мына ушулардын негизинде 2006-жылдын 3-августунда Азиз Батукаев Аламүдүн райондук сотунун чечими менен 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн абакка кесилүү менен бардык мүлкү конфискацияланган.Белгилүү болгондой, Батукаев түрмөдө дагы 8 жыл 3ай 7 күн олтурмак.

Тилек Абылгазиевдин сунушу...

Бирок, Жогорку Соттун басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча Нарын шаардык сотунун 2013- жылдын 9-апрелиндеги токтому менен Нарын шаарындагы №24 мекемесинин (СИЗО-4) жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу Тилек Абылгазиевдин сунушу канааттандырылып, жогорудагы статьялар менен соттолгон А.Батукаев 8 жыл 3 ай 7 күн өтөлө элек жаза мөөнөтүнөн катуу ооруга чалдыкканына байланыштуу жазаны андан ары өтөөдөн бошотулган.

Мындай токтомдун чыгарылышына төмөндөгүлөр негиз болгон:

№ 24 мекемесинин (СИЗО-4) жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучусуТилек Абылгазиев сотко сунуш менен кайрылып, сунушунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 247-ст.2-б., 250 ст.2-б., 241-ст. 2-б., 4-б.,242-ст.2-б., 1-п., 233-ст.3-б.59-60-ст колдонуу менен 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратуу менен соттолгон Азиз Алашевич Батукаев катуу ооруга чалдыкканына байланыштуу жаза өтөөдөн бошотууну сураган.

Ошентип, Нарын шаардык сотунун соттук отурумунда Батукаев да сунушту колдоорун билдирген.№24 мекеменин өкүлү Т.Абылгазиев келтирилген сунушту канааттандырууну сурап, соттолгон Батукаев катуу ооруга чалдыкканын, ага карата диагноз коюлуп, дарыгерлер комиссиясынын корутундусу чыкканын, бүгүнкү күндө өтөлө элек жазанын мөөнөтү 8 жыл, 3 ай, 7 күн түзөөрүн көрсөткөн. Иш боюнча катышкан прокуратура кызматкери К.Жуматаев да сунушту канааттандырууну сурап, соттолгон Батукаевди оорусуна байланыштуу жазадан бошотууну сураган, ал эми атайын медициналык комиссиянын корутундусун берген мүчөлөрү Д.Бегалиев, С.Узакбаев, К.Бектемиров жана Нарын шаарынын №24 мекемесинин дарыгери М.Кайкиева соттолгон Батукаевге карата корутунду туура чыгарылганын, анын оорусу диагноз менен тастыкталганын айтышкан.

Ишке тиркелген СВТЭК тин 2013-жылдын 28-мартындагы жана СМК нын 2013-жылдын 30-мартындагы корутундуларына ылайык соттолгон А.Батукаевге карата «острый лейкоз» диагнозунун негизинде жазадан бошотулушу мүмкүн деген тыянак берилген.

Жогорку Соттун басма сөз кызматынын билдирүүсүндө Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин 363-статьясынын талабына ылайык, соттолгон адам жазаны өтөөнүн убагында жазаны өтөөгө жолтоо кылуучу жин оорусуна же башка катуу ооруга чалдыкса, сот өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын сунушу боюнча, врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде соттолгон адамды жазаны андан ары өтөөдөн бошотууга укуктуу экендигин да баса белгилейт.

Билдирүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29- ноябрь 2011-жылдагы №745 Токтому менен бекитилген тартипке ылайык соттолгон А.Батукаевдин оорусу аны жаза өтөөдөн бошотууга негиз болгону айтылып, мына ушул себептердин негизинде Нарын шаардык соту тарабынан жогорудагыдай токтом кабыл алынганы белгиленет.

Соттун чечими чыккандан кийин кыска, нуска жазылган токтомдун эң аягында «...токтом токтоосуз күчүнө кирет.» деп жазылган.

Бул жерден жогору жактын буйруктарынын негизинде жасалганы, бул ишти ишке ашырууга кеминде бир жыл даярдык көрүлгөнү оркоюп эле көрүнүп турганын баса белгилей кетсек болот. Себеби, четинен эле жөнөкөй мисал алганда, СИЗО-4 мекемесинин жетекчиси К.Калмуратовдун өз арызы менен «чоң окуянын» алдында бошоп кеткенинен бир күнөм санасаң, учурда жетекчи да эмес, жетекчинин орун басары да эмес, анын милдетин аткаруучу «кичинекей киши» Тилек мырзанын мындай «эрдикке» барганына таң бербей койбойсуң. Дегенибиз, мындай шашылыш сунуш бергидей Батукаев эстен танып, өлүм алдында жатып калган деле эмес. Дегеле, буга чейин Батукаев айыккыс оору менен ооруп жатканы тууралуу эч бир маалымат булактарында да айтылган эмес.

Айыккыс дарт «пардоо» болуп береби?

Анткен менен, Нарын шаарындагы №24 мекемесинин саламаттык сактоо пунктунун начальниги Мырзагүл Кайкиеванын айтымында Батукаев аталган мекемеге келгенден баштап өнөкөт оорусу күч ала баштаган жана оорусу кармаган кезде дарыгерге кайрылып турчу. М.Кайкиеванын Батукаев кайсы жылдын кайсы айынын кайсы числосунда ага кайрылганынан өйдө жадыбалды жаттагандай айтышы да кандай болгон күндө да Батукаевге аталган СИЗОдо өзгөчө мамиле жасалганынан кабар берет жана «Батукаевдин иши» боюнча алдыда көп суроолорго жооп берээрин билип, алдын ала даярдык көргөндөй ойду пайда кылат.

- Батукаев бизге келгенине 6 жылга чукулдады. Ошол убакыттын ичинде мага оорулары менен кайрылып турчу. Мурда өнөкөт гепатит, пиелонефрит, көп жолку мээ баш сөөктөрүнөн алган жаракаты бар болгондуктан, ошолор боюнча керектүү дарыларды алып дарыланып турду. Мындан сырткары мен облустук оорукананын терапевт, уролог дарыгерлерин алып келип көрсөтүп, кеңеш алып, алардын берген көрсөтмөсүнүн негизинде дарылап турдум. Былтыркы жылдын апрель айынан баштап Батукаев катуу ооруп, кан басымы бир калыпта болбой, гемоглобини 63кө түшүп кетти. Мен начальникке рапорт менен кайрылып, начальник Бишкекке ГСИН дин дарыгерлеринин жетекчисине кайрылып, ал жерден дарыгерлер келип текшерип, көрсөтмөсүн берип кетишти. Мен ошолорду аткарып аттым. Андан кийин жаңы жылга чукул 12-декабрда абалы начарлап, ГСИНдин дарыгерлери келип, алардын көзөмөлү менен облустук ооруканага жатып дарыланып чыкты. Ошондон баштап оорусу оорлошту. Облустук ооруканада жатканда гепатит С менен ооруганы аныкталды. «Острый лейкоз» деген диагнозу Бишкектен такталды. Чындыгында, «острый лейкоз» деген диагнозду Бишкектен гематологдор койду,-дейт СИЗО-4 түн баш дарыгери.

Дарыгердин сөзүн облустук оорукананын башчысынын орун басары Турдубүбү Жапаркулова да тастыктап, былтыркы жылы №24 мекеменин башчысы Батукаевдин ден соолугунун абалы боюнча кайрылганын, анын кайрылуусу боюнча дарыгерлерден турган комиссия түзүлүп, атайын консилиум чакырылып, А.Батукаевге 3-даражадагы анемия, вирустуу гепатит С, жана ашказан рагы (такталбаган) деген диагноздор коюлган. Оорулуунун чындыгында абалы оор болуп келгенин тастыктаган облустук оорукананын башчысынын орун басары, кандын анализин Бишкекке жөнєтүшкөндө илимпоз, белгилүү гематолог Раимжановдун тыянагы менен «острый миелобластный лейкоз» (кандын рагы) деген диагноз чыгып келгенин, ал диагноз СИЗО-4 мекемесинин жетекчисинин катында тиркелип жүргөнүн билдирди.

Дарыгерлердин билдирүүлөрүнөн соң, биздин өлкөдө учурда мейли абактабы же убактылуу жайдабы олтургандардын ден соолугуна, жалпы абалына чындыгында эле ушундай мамиле жасалабы? деген таң калычтуу суроо пайда болбой койбойт.Дегенибиз, азыр, көп эле адам абактан бошонуп келгенден кийин айыккыс оорудан же абакта жатып каза болгон көп эле учурлар болууда.Бирок, Батукаевге жасаганчалык мамиле абактагылардын бирине жасалганын уккан жайыбыз жок экен.

Бүгүнкү күндө коомчулукта чоң резонанс жаратып жаткан «Батукаевдин иши» нарындык соттордун да, укук коргоочулардын да дарегине ар түрдүү пикирлерди жаратпай койгон жок.КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын «Нарын шаарынын сотунун акыл эси ордундабы?» дегени жеке эле шаардык соттун төрагасы Жапар Эрматовго эмес жалпы облустун сотторуна көө жаап жатса, «Батукаевди бошотуудагы «операциянын» «анабашы» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлү Бакыт Рыспеков экен» деген кептер бир топ кайчы пикирлерди жаратып, «эгер акыйкаттык бар болсо анда абактагы оорулуулардын бардыгын бошоткула» деген талаптарды койгон учурларга алып келүүдө.

Балким, Батукаевдин ысымынын өзүн эле «жаман» деген сөз менен ассоциациялаган коомчулук үчүн анын айыккыс дарты да ал үчүн пардоо болуп бербей жатабы, айтор, Батукаевдин оорусу боюнча чыгарылган медициналык үч комиссиянын тыянагы эч кимди ишендирип, эч кимдин көксөсүн суутуп койгон жок. Ошондуктан анын мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулушу улам бир учукту чубап, бул учуктар чоң түрмөккө айланып барат.

Нарынга дарылаганга болбойт дешкен...

Ал эми КРнын Акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлү Бакыт Рыспековдун билдирүүсү боюнча Батукаевдин ооруп жүргөнү укук коргоочулар үчүн жаңылык эмес болчу.

- Азыр Батукаев жөнүндө туура сөз айтсаң эле кыргыздын душманы сыяктуу көрүнүп калып жатасың. Бирок, чын-чынына келгенде анын абалы оор эле болчу. Азиз Батукаевдин ооруп жатканы кечээ же бүгүн эле билинип жаткан жок. Бул адам акыркы үч жылдан бери ден соолугуна даттанып жүргөн. Ал эми акыркы бир жарым жылдан бери абалы абдан эле начар болчу. Албетте, мен дарыгер эмесмин, ошентсе да адамдын ооруп же оорубай турганын айырмалай алам. Былтыр жаңы жылдын алдында облустук ооруканага жаткырылып, ал жердин травмотология бөлүмүндө атайын терезелери тордолгон палата бар, ошол жакка жаткырылып, бирок дарылоону башка бөлүмдөн келип дарылашкан. Ошол учурда эле анын оорусу күчөп жатканы боюнча маалыматтар келип баштаган. Мен өзүм да дарылоонун жүрүшү менен таанышып, диагноздорун карап көргөм. Ошондуктан бул кишинин ооруп атканы анык экенин, бирок канчалык деңгээлде өлүмгө алып барчу оору экендигин мен айта албайм. Биз тараптан болсо биздин түздөн түз милдетибиз абакта олтурган адамдын укугун коргоо, анын абактагы кармалуу шартын көзөмөлгө алып туруу болгондуктан мен абакта жок дегенде бир айда бир болуп турчумун. Бирок, биз менен ал убакта Батукаевди чыгарып кетет, кетпейт жөнүндө сөз болгон эмес. Батукаевдин ден соолугуна байланышту комиссия түзүлүп эки жолу келип кетти. Биз алардын жумушуна аралашкан жокпуз, бирок жасалып жаткан иштерге байкоо жүргүздүк. Анан комиссия иштеп бүткөндөн кийин ич ара сүйлөшүп калган кезде дарыгерлер айтышты гепатит С толук аныкталды, ал эми лейкозу болсо 80-90 пайызга анык диагноз, дагы кошумча анализдер алынган, анын жыйынтыгы чыга элек деп. Мен алардын медициналык айрым терминдерин жакшы түшүнгөн жокмун. Бирок, бул «острый мелиобластный лейкоз» деген эмне деген оору деп дарыгерлерден сураганымда алар айтышты, эгер кандайдыр бир ички кан кетүү же вирус болсо оорулуу адам эки-үч күндүн ичинде зыян болуп кетиши мүмкүн деп. СИЗОнун жетекчилиги Батукаевди Нарынга ооруканага жаткызып дарыласак болобу деп сураган кат жиберишкенде, саламаттык сактоо министрлигинен болбойт деген жооп келип жатат. Анан комиссия ишин жыйынтыктагандан кийин сунуш жазышып, спецпрокуратурага берип, андан ары сотко Батукаевди бошотууга сунуш беребиз дешти...

Эмнегедир бул маселе азыр чоң резонанс жаратып, бул иш жашыруун болду деп айтып атышат. Менимче эч жашыруун иш болгон жок. Биз ачык эле кирип, ачык эле бардык процедураларга катышып жаттык. Эгерде мынчалык ызы-чуу болоорун билгенде мен ушундай болуп атат деп маалымат бермекмин, бирок ошол учурда мен анын зарылчылыгын көргөн жокмун.

«Батукаевдин бошотулушу- бул мыйзамдын идеалдуу иштеши».-дейт Акыйкатчы.

Ал эми соттун жүрүшү боюнча айта турган болсом, азыр бардыгы сотто судья болгон Нарын шаардык соттун төрагасы Жапар Эрматовго күнөө коюп жатышат. Мен укук коргоочу катары процессуалдык нормалардын бузулуусун көргөн жокмун. Соттун жүрүшү өзүнүн талаптарына ылайык жүрдү, тескерисинче сот ар бир суроосун кайта- кайта кайталап, кайта-кайта тактап берип жатты. Башкача айтканда, сот колунда турган кагаздарга жана мыйзамга таянып туруп өзүнүн чечимин чыгарды. Эрматов мага дос да, тууган да эмес,анча мынча кайым айтышкан учурларыбыз да бар, бирок дал ушул Батукаевдин ишине келгенде мен анын чечимин туура чечим чыгарды деп айта алам.Укук коргоочунун көз карашы менен айтсам, бул соттук отурум идеалдуу түрдө өттү. Батукаевдин бошотулушу - бул мыйзамдын идеалдуу иштеши. Эгерде мыйзамдар башка жарандарга да ушундай идеалдуу иштей турган болсо өлкөбүздө акыйкаттык орнойт эле. Мен үчүн бул «Батукаевдин соту» чоң курал болуп калды,-дейт укук коргоочу.

Бакыт Рыспековдун айтуусу боюнча мындай учурларда жалгыз эле Батукаевге ушундай бапестеген мамиле болду деп айтуу туура эмес. Соттук отурум сунуштун негизинде өтүп жаткандыктан бул жерде анын кайсы статья менен олтурганы роль ойнобойт. Себеби, КЖКнын 359-статьясында көрсөтүлгөндөй, соттун даттанууга болбой турган токтому ал чыгарылаары менен күчүнө кирет жана аткарылууга алынат. Ал эми 363-статья 2.2.1-п, менен абактан бошотууга чыгарылган соттун токтомдору кайра даттанууга жол бербейт. Батукаевдин «острый лейкоз» диагнозун албаганда деле «Гепатит С» деген диагнозу да ушул статьяга туура келет экен.

Демек, биз бул учурда «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүүлөрдү кандай издебейли, ошондой барып мыйзамыбыздын бири-бирине каршы келген, чийки жазылган статьяларына барып такалат экенбиз да турат экенбиз.

Укук коргоочулардын айтымында Батукаевдин бошотулганы жатканын бардык күч структуралары, ошол эле коопсуздук комитети, прокуратура билген, ал гана эмес, атайын «операциянын» даярдалганы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрү да айтышууда. Белгилүү болгондой, 2013-жылдын 27- февралында Парламент уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзамга өзгөртүү киргизген. Анда уюшкан кылмыш тобунун соттолгон өкүлдөрүн мөөнөтүнөн эрте бошотууга жол берилбестиги көрсөтүлгөн жана алардын мунапыстан жана башка жеңилдетүүчү шарттардан колдоно албастыгы эскертилген. Бул мыйзамга Президент 18-мартта кол койгондугуна карабастан мыйзамдын күчүнө кирген-кирбегенин аны жазган депутаттардын өздөрү да, укук коргоочулар да, юристтер да билбегени таң калтырат. Мындайда, мыйзамды жазып коюп, анан анын күчүнө кирип, иштеп жатканына кызыкдар болбогон Парламент мүчөлөрүнүн кайдыгерлиги өкүндүрбөй койбойт.

Б.Рыспековдун айтымында көпчүлүк дагы бир жагдайды эске албай жатат.Эгер Батукаев камерада жатып, өлүп калган учурда дагы чоң чыр болмок. Батукаев резонанстуу, өзүнө көңүл бурдурган адам болгондуктан, эң биринчиден, аны абактагылар өлтүрдү деген сөз чыкмак.Экинчиден, сырткы таасирдин күчү менен өлтүрүлдү деген сөз чыгып, кайра эле мамлекеттин аброюна кедергисин тийгизмек.

- Азыр биз ич ара талашып, ким чыгарды деп атабыз да. Ал эми ал абакта өлүп калган учурда биз ООНдо ошол суроого жооп берип калмакпыз. Эл аралык деңгээлде алып келгенде адам укугу канчалык деңгээлде сакталат дегенге жараша биздин өлкөгө да мамиле жасалат. Ал эми ошол «острый лейкоз» деген диагнозду туура эмес коюп, ошол диагнозду Батукаев сатып алган болсо, бул өтө чоң кылмыш. Буга жол берген тарап жанагы кылмыш жасаган кишиден үч эсе жогору кылмыш жасады деп бааласак болот.Алдамчылык жол менен кылмышкерди чыгарып, ага шарт түзүү чоң күнөө,-дейт Акыйкатчы.

Р.S. Бүгүнкү күндө «Батукаевдин иши» боюнча көптөгөн адамдар жооп берип жатышат.Азиз Батукаев чын ооруганбы же калп ооруганбы-аны азыр далилдеш кыйын. «Чоң түрмөктү жандырып» «бардыгы эмнеден башталган?» деген суроого жооп издеш, түрмөктүн учугун табыш андан өткөн убара.Ошондуктан демибизди ичибизге алып, күтө турсак сыр сандыкты ача турган мезгил да келээр.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...