Акыркы макалалар

Бүгүн Бишкек-Жалал-Абад авиакаттамы ачылат

Бүгүн, 28-декабрда Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, бул аба каттамы Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин кийлигишүүсү менен ачылууда. Себеби, өлкө президентинин буга чейин Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна болгон иш-сапарлары учурунда жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү ушул аба каттамын ачуу зарылдыгын, аймактын атуулдары Ош аэропортуна каттап, убара чегип жатышканын айтышкан. Президент бул маселени карап көрөрлүгүн билдирген.

Эскерте кетсек, бир нече жылдардан бери мурда болуп келген Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек аба каттамы жүргүзүлбөй калган. Айрым маалыматтарга караганда, буга аэропорттун учуу тилкесинин кыскалыгы жана айрым техникалык жагдайлар себеп болгон. Кийинчерээк аэропорттун учуу тилкеси узартылган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...