Акыркы макалалар

Бүбүсара Рыскулова: «Менден чоң музыкант чыккан жок, бирок ага өкүнбөйм...»

Бүбүсара Рыскулова: «Менден чоң музыкант чыккан жок, бирок ага өкүнбөйм...»

«Жүрөгүмдө музыка калса керек...»

Мен Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Төш-Булак айылында төрөлгөм. Анда Белогорка деп аталчу. 7 жашка чейин ошол айылда чоңойдум. Кийин турмуш шартка байланыштуу байкем менден чоң музыкант чыгат дедиби, айтор мени П.Ф. Шубин атындагы музыкалык мектепке берди. Мындан сырткары байкем мени музыкалык интернатка, училищага берип алектенип жүрдү. Аягында музыкант болбой калдым. Бирок жүрөгүмдө музыка калса керек. Адамдын негизги характери 7 жашка чейин калыптанат экен. Кийин алымча-кошумча болуп отуруп коррекцияланат тура. Мен мунун баарын азыркы кесибим психолог болгонуна байланыштуу билем. Үй-бүлөдө 10 бир тууганбыз. Өзүбүздүн энебиз 2-3 жашымда каза болуп калган. Төрт бала калганбыз, энем каза болгондо сиңдим 5 айлык болчу. Атабыз жаш эле кызга үйлөнгөн. Андан 6 бир тууганыбыз бар. Бөлүнбөйбүз, бирок баары бир эл арасында айтылып калат экен. Ага карабастан ар дайым 10 бир тууганбыз деп айтабыз. Арасында тентеги да, жентеги да бар. Коомдо кандай болуп жатса ошондой турмушта чоңойдук.

Биз орус айылында өскөндүктөн, орусчаны мыкты билдик. Мурун орусча билүү сыймык болчу да. Кийин кыргыз тилин билбей кыйын болду. Чоң атам айылдын барктуу кишиси болчу экен. Мергенчи болуп, баатыр деген атка конгон дешет. Өзүмдүн атам деле мергенчи болчу, жөнөкөй үй-бүлөдөн элек. Чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойдум. Жолдошум айтып калчу, характериң министрдин кызыныкындай, эч нерседен коркпойсуң, ачык сүйлөйсүң деп. Чоң атам мени ачык тарбиялап, кызым сот, прокурор болот дей берчү. Аягында азыр ойлосом, мен сот, прокурор болбосом дагы азыркы турмушум укук менен байланыштуу болуп калганына таң калам.

«Жолдошум камералык адам эле…»

Кайра куруу башталганча менин турмушумдун бүт баары үй-бүлөмө, балдарыма, жолдошума арналган болчу. Саясат дегенде ар бир үй-бүлөнүн саясаты болот, ал тургай ар бир адамдын өзүнүн саясаты, турмуштагы программасы болот. Менин жолдошум тилекке каршы 2 жыл мурун өтүп кеткен. Ал камералык адам эле. Үй-бүлөбүз чыгыш философиясына сугарылган, ошон үчүн жабыгыраак болчубуз. Кээ бирөөлөр жүздөн жолдош күтсө, биздин үй-бүлө саналуу гана адамдарга жакын болуп, ачылчубуз. Мен да ошол тартипте калыптансам керек. Балдарыбыз үй-бүлө курганда да чакан той өткөргөнбүз. Жолдошумдун 50 жылдык мааракесин да ошондой кылдык. Айтор мен ошондой тартипке көнүп калып, ушул кезге чейин фейсбукта да, башка социалдык тармактарда да катталган эмесмин. Негизи мен ушул кызматка кийинирээк, балдар чоңоюп калганда, жолдошум өзү макулдугун бергенден кийин келгем.

«Чоң атамдар шпагат отурсам аркаман куушчу…»

Мен мектепте үлгүлүү окуучу болчумун. Бирок мен суроо бергенде тик жооп берчү экенмин. Кандай гана кырдаал болбосун, тайманбай айтып салчусуң деп калышат бир туугандарым. Кээде улуу кишилер менин улуу агам белгилүү музыкант, эл артисти Султан Юсуповго айта албаган нерселерин, бере албаган суроолорун мен аркылуу айттырып, жооп алышчу. Негизинен мен бир калыпта окудум. 1-классыман 4-класска чейин №28 мектепте билим алдым. Ортодо атам, апам, чоң ата, чоң энем мени эч нерсени билбей баратасың, оокат кылганды унуттуң деп айылга алып кетишти. Мен гимнастикага барчумун, төшөк гөрпө болот да, эмнени окутуп жатат деп чоң атам менен чоң энем сурашканда мен шпагат отура калчумун. Алар илгерки адамдар да, андайды түшүнбөгөн жандары атам менин аркаман кууп жөнөчү. Кыз болсо, анан ушундай окууда окуткан болбойт деп, мени айылдагы орус мектепке киргизип коюшкан. Ал жерде жарым жылдай окудум. Шаарга жашап көнүп калгандыктан айылда кыйналып кеткен болчумун. Анан мени кайра Бишкекке алып келишкен. Тилекке каршы жанагы окуумду аягына чыга алган жокмун. Кийинчерээк искусствону бүттүм. Маяковский окуу жайында музыкадан берген мугалим болдум. Тилегим болсо да чоң музыкант боло алган жокмун. Ал эми азыркы иштеген жумушума капысынан келип калганмын. Мына 20 жылдын жүзү болуп калды. Ушул ишиме келип калышыма өкүнбөйм.

«55 жашка чыкканда кыргыз тилин кайра үйрөнө баштадым…»

Мен кичинекейимден орус тилдүү болуп чоңойгондугуман азыркы кызматка келгенде кыргыз тилин кайрадан өздөштүрүүгө кириштим. Анткени бизге келген кардарлардын көбү кыргыз тилдүүлөр. Негизи жазганда ката жазам, бирок сүйлөгөндө сөздөрдү туура айтууга аракет кылам. Кийин 55 жашка келгенде экинчи дипломдуу болгондо өзүмдүн тилиме басым жасай баштадым. Кыргыз тилин үйрөнүүдө бир топ кыйынчылыктар болду. Мен БӨУга келээрден мурун сүрөт окуу жайында окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштечүмүн. Ал кезде аралаштырып сүйлөчүмүн. Азыр деле кээде керектүү сөздү таппай калсам орусча сөздөрдү кошуп кетем. Азыр сындап жатышпайбы кыргызча билбегендерди. Бирок, муну да туура түшүнүш керек. Анткени ошол кезде ошондой саясат болчу. Биздин окуу жайга 8-классты бүтүп, сүрөтчү болом дегендер келип окушчу. Бир жолу дааратканага кирсем дубалда бир кызыктай сөздөрдүн жазылып турганын көрүп калдым. Мындай сүйлө, тигиндей сүйлө деп мага караштуу жазылган сөздөр экен. Сабак учурунда балдарга айттым, жазып койгонуңардан мен оңолуп кетпейм деп. Студенттер кайра мага кыргызча сүйлөңүз дешти. Анан мен айттым, силерден үйрөнөйүн, туура эмес сүйлөгөн болсом силер мени оңдоп тургула деп. Ошентип кыргыз тилин үйрөнүүгө ар тараптуу аракет кыла баштагам.

«Биздин негизги багытыбыз адамдардын сезимдери менен иштөө…»

Биздин кризистик борбор жаңы ачылып жатканда аталышын кандай коёбуз деп ойлонуп, көпкө чейин тапкан жокпуз. Жөн эле аялдар жана балдар үчүн “Сезим” кризистик борбору деп койгонбуз. Ал кезде чакан тобубуздагы адамдар болуп отуруп, “чувство” деп коёлу, анткени биз адамдардын аң сезими менен иштешебиз деген сунуштар болду. Анан бир кызыбыз дароо эле которо койду. Келгиле “Сезим” деп коёбуз деп. Ошентип биздин борбордун аталышы “Сезим” деп аталып калган. Эмне үчүн дегенде биз жүрөгүбүз ооруса же суук тийсе ооруканага барып, доктурга көрүнөт эмеспизби. Ал эми ички сезимдерибиз кыжаалат кылса өзүбүз менен өзүбүз калып, кыйналабыз. Ошон үчүн биздин негизги багытыбыз адамдардын сезимдери менен иштөө.

Автор: Диналиана Джунушева

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...