Акыркы макалалар

Мыктыбек Токтосунов: Вулкан күч жагынан алдына жорго салдырбайт

Мыктыбек Токтосунов: Вулкан күч жагынан алдына жорго салдырбайт

Кыргызда: “Күндүк өмүрүң калса, түштүгүңө жорго мин” деген жакшы сөз бар. Жалаң жорголор менен атагы чыккан Мыктыбек Токтосунов саяпкерлик жана атактуу жорго Вулкан тууралуу маек курду

- Ат таптоо сизге атадан калганбы? Бул иш менен канчадан бери алпурушуп келесиз?

- Саяпкерлик мага атаман өтсө керек деп ойлойм. Себеби кезегинде ал киши да күлүк таптап жүргөн экен. Негизи, 84-жылы 6-класста окуп жүргөнүмөн баштап ат минип үйрөнө баштадым. 8-классты бүтүргөндөн кийин толугу менен ат таптоого кириштим. Ошондон ушул убакытка чейин саяпкерлик менин кесибим болуп, ат үстүндө келе атам. Кудай ден-соолук берсе,бул мен үчүн өмүр бою аркалай турган кесип. Ат мине албай калган учурда дагы өзүңдүн балдарыңды үйрөтүп мындай таптагыла дегенге саяпкерликтин өмүрүм өткөнчө пайдасы тийсе керек.

- “Саяпкер сансыз ойлонот, санаадан чоочуп ойгонот” деп коюшат экен. Чындап эле саяпкерликтин түйшүгү оорбу?

- Оор эле, ат сүйлөшпөсө да аны менен кадимкидей сүйлөшкөндөй болуп, жылкыны сезиш керек. Анын тили жок, быягым мындай болуп атат деп айта албайт. Ошонун баарын сезип таптап, ат чабышка 99% даярдык менен алып келсең, калган 1%ын чабандес кошсо, 100% ат чуркаш керек. Ошондой эле убагында жем-чөбүн берип, сугарып, минип турасың. Бир ат эле бир кишини жанына байлап коёт.

- Жылкынын тилин билген адам катары ат таптоодо өзүңүздүн жеке ыкмаларыңыз барбы?

- Ар бир саяпкер өзүнчө ыкмаларды колдонот. Мен мисалы, ат тандаганда өзүмдүн көз карашым менен тандайм. Ат чабыш башталганда жакшы ийгиликтерге жетиш үчүн кышкысын аттарды жакшылап иштетем. Ноорузда башталган ат чабыш, кеч күзгө чейин уланат. Атты кышында кандай таптасаң, жайында ошондой чабасың. Азыр ошол үчүн балдар менен күндүн суугуна карабай, аттарды болушуна таптап атабыз.

- Айрым саяпкерлер “Дарамети болсо күлүк камчысы жок эле чуркайт. Аттын этин оорутуп камчы чабуу туура эмес” деп коюшат экен. Атка камчы салуу туурабы?

- Атка камчы салуу колдонулат, тарбиялап койчу жери болот, чаап, бирок чабат десе эле, атты кечке камчылай берсең аттын нерви бузулат. Сабалган жылкы ат майданына киргенде эле “Кайра сабайт, кайра камчы жейм” деп кара терге түшүп, чабылганга чейин эле өзүн жоготуп коёт. Саяпкер атты табына жакшы алып келсе, туура, камчы салдырбай эле утат. Мен саяпкер катары атты сабабай жеңил утканга аракеттенем. Бирок камчы салганга да туура келген учур болот, кээде жанаша келип каласың, чогуу башма-баш чыгып каласың.

- Баш аягы канча ат таптайсыз? Сиз таптаган күлүктөрдөн ичинен кайсыл аттар мыкты жетишкендиктерди көргөзө алды?

- Азыр баш-аягы 11 баш жорго таптайм, алардын жетөөнүн өзүлөрүнүн ээлери бар. Буга чейин күлүктү да, жоргону да иштетчүмүн, кийинчерээк Патронду чапкандан кийин жалаң жоргого өтүп кеттим. Мен өзүм саяпкер, өзүм чабандес болуп жүрөм, таптаган аттарымдын ичинен атактуу Патрон деген жорго мыкты жетишкендиктерди көргөздү. Патронду узаткандан кийин, азыр угуп жүрсөңөр керек, Ганг деген жорго чуркап жүрөт. Гангды кунанында мага алып келгенде таптап калдым, 7 жолу чаап, 6 жолу уткам. Кийин Ганг быштысында Казакстанга кетти, ошондой эле Вильбрун деген жоргону таптадым. Ал быштысында Казакстандын Президентинин кубогун уткан. Лотция деген кунан байталым 8 жолу чабылып, 8 жолу тең утту. Азыр Патрондун балдары бар, жазга асый болуп, эмдиги жылы чоң жоргого чуркайт. Патрондун балдары буюрса жакшы аргымактардан болот. Жакшы аттар менен иштеп келе атам. Былтыр, быйыл аттарымды жакшы чаптым.

- Жорго салышта кыргыздар казактарды алдына салбайт дешет...

- Жоргону таптаган жагынан казактар бизге жетпейт.Эми аларда деле бар жорго. Бирок саяпкерлери биздин кыргыздын саяпкерлеринчелик таптай албайт. Мен 2011-жылы Алма-Атада иштеп калдым. Ал жерден Елена деген айым “менин аттарым жакшы, бирок кыргыз балдар жок, мен эчтеке кыла албайм” деп айткан. Казактар жоргого көп көңүл бура бербейт. Күлүктөргө басым жасашат. А бизде жоргону кунан жорго, бышты жорго, чоң жорго деп түрлөргө бөлүп атышпайбы. Казактар бир эле чоң жоргону чабат.

- “Аттан аттын неси артык, ашыра баскан изи артык, эрден эрдин неси артык, эл үчүн кылган иши артык” деп коюшат эмеспи. Айтылуу Вулкандын саяпкери катары бул аргымакты сыпаттап берсеңиз.

- Вулкан Ысык-Атанын жылкысы, ээси таптабайсыңбы деп сунуш кылганынан макул болуп, 2013-жылдын декабрынан тарта Көлдө таптап келем. Мага келгенге чейин тап көргөн эмес.Былтыр эң биринчи көчмөндөр оюнунда чабылып, 3-орунду алдык. Ошондон кийин такай 3-орунда жүрдү, 1 жолу гана 2-болду. Быйыл болсо Вулкан Вулкандай эле жарылды. 9 жолу чуркап, 4 ирээт биринчи, 4 жолу экинчи, бир ирээт 5-келди. Чолпон-Атада өткөн Көлбаевдин 70 жылдыгында машина утту. Андан кийин 24-октябрда Казакстанда Сүйүнбай акындын 200 жылдыгында да машина утту. Көлбаевдин 70 жылдыгында Вулканды чыгат деп эч ким ойлогон эмес. Себеби, андан мурун 29-августта Кочкордун Чагылган деген жоргосу Казакстандын Президентинин кубогун утса, 31-августта Ганг чыккан. Ошондон улам көпчүлүк Ысык-Көлдөгү мааракеде эки жоргонун бири чыгат деп турушкан. Бирок анда Вулкан атаандашары Чагылган менен Гангдан озуп кетти. Вулкан ошол жерден бир жарылды. Казакстанда да өзүн бир көргөздү. Эми буюрса, келерки ат чабыштарда да жакшы жетишкендиктерди көргөзөт деген үмүттөбүз.

- Акыркы жорго салыштарда Вулкан менен Ганг бири-бирине негизги атаандаштардан болушуп, көбүнесе Вулкан Гангдан куйрук улаш эле калып калууда. Вулкан эмнеден улам алдырып коюуда?

- Вулканды адегенде минип көргөндө эле жоргонун күчү бар экенин сездим. Күчтүүсүнөн сөз жок, күчтүү, бирок, ылдамдык жагынан аксап калат деп ошондо эле күмөн санагам. Гангды кунан кезинде алгачкы ээси Орусиядагы алдыңкы чарбалардын бири болгон “Локатской” жылкы заводунан сатып келген. Атасы Натиск 1600 метрди 2 мүнөттө өткөн рекордчу. Вулкандын атасы Валдай америкалык таскактуу жылкы. Валдай Казакстанда жүрүп, кийин биздин Бишкектеги ат майданына келип бир жылдай туруп калган. Ошондо Вулкандын ээси Волга деген бээсин алып келип, Валдайга кошкон. Волга орлов таскак бээлеринин бири. Вулкандын эне жагы кичине окшошпой калган. Ошондо мындай салыштырып көрсөк, Ганг “мерседес” болуп атат да, Вулкан “ауди” болуп калат десек болот. Вулкан болушунча күч менен жүрүп берип атат, болгону марага 50 метрдей ылдамдык жетпей калып жатат. Ылдамдыктан алдырып койсо да, күч жагынан бир топ жорголорду алдына салбайт. Акыркы ат чабыштарды карап көрсөк, Ганг экөө эле кубалашып калууда, башка деле тектүү аттар бар. Бирок алар экөөнчөлүк жетишкендиктерди көргөзүшө элек. Демек, Гангдын саяпкери экөөбүз эки жоргону мыкты деңгээлге алып келдик десек болот.

- Вулкандын дене түзүлүшүнө токтоло кетсеңиз, мүнөзү кандай жорго?

- Вулкан орто бойлуу, курсактуу кара жылкы. Жылкы курсактуу болсо, демек, жылкыда каруу-күч бар. Мага жаңы келгенде ат майданын тегеренип иштетип жүрсөм, балдар бетиме айта алышпаса да, байке кайдагы бир курсактуу атты алып келген? Кантип чуркайт эми? - деп мыйыгынан күлүшчү. Мен болбой эле иштетип жүрдүм. Вулкандын мүнөзү абдан жоош ат, эч нерсе менен иши жок. Каалагандай таптайсың. Жоош болгонго кичинекей балдарым да минет. Коё берсең, качпай жаныңда турат. Ат чабышка барганда да ушундай токтоо чыгат. Ала качпайт. Айдап койсоң, ылдамдыгын кошот, акырындатсаң, кайра жайлап калат. Мага баргандан баштап, Вулканды өзүм минип, өзүм чаап жүрөм.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...