Акыркы макалалар

Чыркыраган ата-эне, чындык ким тарапта?

Акыркы убактарда укук коргоо органдарынын дарегине карата айтылган сын-пикирлер, арыздар көбөйүп, араздашкандардын нааразычылыгы басылбай келет. Ушул жылдын башында Сокулук районунун Маловодное айылындагы бир адамды травматикалык тапанчадан атуу боюнча козголгон кылмыш иши коомчулуктун көңүлүн бурууда. Бул иш боюнча эки тараптын тең пикирлерине орун бердик.

“ЧЫНЫГЫ АЙЫПКЕР КАЧЫП, БЕЙКҮНӨӨ БАЛАМ КАМАЛУУДА”

Айыпталуучунун энеси Мунара Канболотованын айтымында окуя болгон күнү Токбай айылынан ичине төрт-беш адам түшкөн ВМV маркасындагы автоунаа Маловодное айылында күрткүгө тыгылып калып, анын уулу Темир Канболотов айдаган автоунааны жардамга чакырышат. Анын ичинде Т.Канболотов, Жаныбек Осмоналиев, Виктор Саенко болгон. Алгач орус улутундагы Виктор тыгылып калгандарга жардам берүү максатында машинасын түртүү үчүн түшкөндө аны “оруссуң, сен бизге акыл үйрөтпө” деп кол салып, ур-бергиге алышкан. Ошентип калгандары түшүп аларга ортого түшөт. “Натыйжада уруш чыгып, Виктор жардам сураган машинадагы Талант Атабековду атып жибериптир, эми болсо ал качып кетип, ордуна менин балам айыпсыз камалып жатат”,- дейт ал.

Ал эми айыпталуучунун жубайы Тинатин Канболотованын маалыматы боюнча анын күйөөсү “орус жигитке тийбегиле, ал силерге жардам берейин деп жатат” десе, “сен эмне ага болушасың” деп катуу уруш чыккан. Алар койгула урушпайлы деп бардыгы өз унааларына түшүп алысыраак айдап токтоткончо артынан унаасы тыгылгандар башка бус менен жетип келет. “Тигилердин ичинен Талант Атабековду машинага чакырып алып сүйлөшүп жатканда ал Виктордун дарегине абдан басынткан жаман сөздөрдү айтып тилдегендиктен, ал чыдабай кетип уруп жиберет, ошентип мушташ чыгып, Атабековго травматикалык тапанчадан ок жаңылыптыр”,-дейт Т.Канболотова.

“Эртеси күнү менин күйөөм өз ыктыяры менен Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө келип, ошондон тарта күбө катары гана көрсөтмө берип келген. Анан көп өтпөй эле Атабековдордун жогорку кызматта иштеген туугандары же колдогону барбы ишти Москва районунун тергөөчүлөрүнө өткөрүп салышты, учурда ал айыпталуучу катары камакка алынып суралууда. Азыр болсо Атабековду аткан Исаенко качып жүрөт. Башында болсо бизди жабырлануучу тарап “орусту тапкыла, болбосо силерди каматабыз” деп коркутушкан. Ал эми Виктордун агасы Евгений: “Ал эртең менен 1-январда келип бирөөнү атып алдым, качышым керек деп айтып кеткендигин” билдирген. Бирок муну эч ким эске албай жатат”,-дейт ал.

“ОК АЛИ ТАБЫЛА ЭЛЕК”

Айыпталуучунын адвокаты Жунус Ибралиевдин айтымында, Т.Канболотовдун көрсөтмөсү боюнча Виктор абдан маскаралаган сөздөргө чыдабай кетип, өзүн өзү коргоо максатында Т.Атабековду атып жиберген. Жабырлануучу болсо Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жатып, 8-январга чейин эч кандай арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган эмес. “Алар 8-январда гана арыз жазган. Ал эми буга чейин милиция ооруканадагы маалыматтар боюнча гана аны издей баштаган. Окуя болгон күнү эң кызыгы сүйлөшө келгенде Канболотовдун жана Атабековдун энеси боюнча тууган болуп чыгып, алар “тууган экенбиз тууганча чечебиз” деп сүйлөшүп тарап кетишкен экен. Бирок, кийин алар ишти Сокулук районунан Москва районуна котортуп жибериши бул алардын жогору жакта таянган тууган-туушканы бар деген жыйынтыкка алып келди. Себеби мындай нерсе менин иш тажрыйбамда биринчи кездешүүдө. Анткени Сокулук районунда 20 тергөөчү бар, бир-экөө ишти жасай албаса, калганына деле берсе болот эле. Демек алар мыйзамды каалагандай буруп колдонушту. Мага Виктордун агасы Евгений Исаенко да келип, өзүн өзү коргоого мажбур болгон үчүн аткандыгын айтып качкандыгын билдирди. Ушул тапта чыныгы аткан адам издөөдө жүрөт. Ал эми Темир Канболотов мыйзамсыз түрдө камалып жана соттолгону турат. Муну прокуратура дагы эч кандай эске албай жатат. Арызды дагы жабырлануучу өзү эмес, атасы жазган. Баллистикалык экспертизада болсо ок 35 градус бурч менен атылгандыгы жана ал божомолдуу экендиги анык жазылган. Окту ушул кезге чейин табыша элек. Операция жасаганда да, машинадан дагы, башка жактан дагы табышкан эмес. Тергөө органдары ушундай начар иштешет”,-деп ал өз жүйөөсүн келтирет.

“КЫЛМЫШ ИШИ БАШКА РАЙОНГО МЫЙЗАМДУУ ТҮРДӨ КОТОРУЛГАН”

Бул иш тууралуу Чүй областтык Ички иштер башкармалыгынын ага тескөөчүсү Айбек Арзыматовго кайрылганыбызда ал буларды баяндады: “Бул окуя 2013-жылдын 1-январында эртең мененки саат 5-7лердин ортосунда Сокулук районундагы “Валентина” дүкөнүнүн жанында болгон. Машинада Темир Канболотов айдоочунун ордунда, ал эми Виктор Исаенко анын жанында, арткы орундукта болсо жабырлануучу 1984-жылы туулган Талант Атабеков отурган. Жабырлануучунун көрсөтмөсү боюнча ал Виктор менен уруша кеткен учурда сол жагынан мылтык атылганын уккан. Натыйжада ал оор жаракат менен Сокулуктагы оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Медициналык документтер боюнча анын алты кабыргасы сынып, ок ичине кирип, эттери жана тарамышы үзүлүп кеткен. Бул кылмыш иши боюнча КРнын Кылмыш кодексинин 104 (денеге атайылап залал келтирүү), 234 (Бейбаштык) - беренелери менен иш козголду. Ишти тергөөдө жабырлануучу тарап Сокулук районунун тергөөчүлөрүнө ишенбөөчүлүк көрсөткөндүктөн иш мыйзамдуу түрдө Москва районуна өткөрүлгөн. Натыйжада 6-мартта Т.Канболотов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага 28, 97-беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчиден жабырлануучу аны Т.Канболотов аткандыгын так айтат. Экинчиден, соттук-баллистикалык экспертиза айдоочу тараптан ок атууга мүмкүн болгон деген жыйынтык чыгарат. Бул иш боюнча тергөө амалдары аяктады, жакында сот процесси белгиленет. В.Исаенкого азыр 234-берене (кылмышка катыштыгы бар) эл аралык издөөгө жарыя кылынган. Ал эми ок табылган жок деген жүйөөлөр боюнча түшүндүрмө берсем, пневматикалык тапанчадан атылгандыктан анда ок болбойт, анда резина гана ок болот”.

ШЕРИК АТАБЕКОВ: “БАЛАМ КАНСЫРАП ЭКИ СААТТАЙ КАЧЫП ЖҮРГӨН”

Жабырлануучу Талант Атабековдун атасы Шерик Атабековдун айтымында, анын уулун ал жерге “машинабыз тыгылып калды” деп жардамга чакыртышкан экен. Бирок чатак чыгып, Канболотовдор менен жүргөн 1966-жылы туулган Жаныбек Осмоналиев аны коркутуп, сүйлөшөбүз деп жардамга келген машинага киргизген. Натыйжада ок жеген соң Т.Атабеков машинадан чыгып, эк-үч дубалдан секирип качкан. “Себеби тигилер аны өлтүрөбүз деп кубалашкан. Жан айласы кылып кансырап эки сааттай качып жүрүп, бирөөлөрдөн жардам сурап: “мени атышты, мени тезинен ооруканага жеткиргиле, кансырап жатам”,-деп жалынган. Ошентип, ал жаракат алган соң эки сааттан кийин гана ооруканага жеткирилген. Анын кесепетинен катуу сууктан улам өпкөсү да жабыркап, каны көп кетип, өтө оор абалда операция жасалып, он беш күнгө чейин кашыктап тамак берип жаттык. Азыр деле жакшы боло албай жүрөт. Эки баласы бар, мунун ден соолугуна ким жооп берет. Эгерде айыпталуучу тарап “жөн жеринен бизди камап, сурап жатат” деп эсептесе, анда эмне үчүн эгер күнөөсү жок болсо, баламды ошол замат ооруканага жеткирип, биринчи жардам көрсөтүшкөн эмес. Сокулук районунда тергөө башталганда Т.Канболотов ал жерден акча берип туруп, күбө катары гана суралып чыгып кеткен соң мен тергөөчүлөргө ишенбөөчүлүк көрсөтүп Москва районуна которттум. Менин адвокатка акчам жок болгондуктан жалдай алган жокмун”,-дейт ал.

Эки тараптын тең тергөө иштерине карата ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ар ким өз чындыгын далилдеп жатышы кадимки көрүнүшкө айланып бара жаткандай. Кандай болгон күндө дагы бул иш адилет териштирилип, күнөөлүү адамдар өз жазасын алат деп ишенебиз.

АЙМИРА МЕНДЕЕВА

19.04.2013, №15

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...