Акыркы макалалар

Sputnik Кыргызстан жана бишкектик дизайнерлер балдардын "Жаңы жылдык кыялын" орундатты

Sputnik Кыргызстан жана бишкектик дизайнерлер балдардын "Жаңы жылдык кыялын" орундатты

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу "Мен Кыргызстанды сүйөм" жаштар кыймылынын, BishkekPark компаниясынын жана Бишкектин дизайнерлеринин колдоосу менен "Жаңы жылдык кыял" долбоорунун алкагында кайрымдуулук аукционун өткөрдү. Аукционго BishkekPark соода борборунда жаңы жылдын жаркын символу болгон балатылар коюлуп, алар Sputnik Кыргызстан менен Бишкектин дизайнерлери жаңы жылдык майрамдын башкы атрибуту жөнүндө эң күтүүсүз чыгармачыл идеяларды чагылдырды. Аукциондун лотторунун арасында желимден жасалган хромдолгон балаты, балаты-чырак, кофенин дандарынан жасалган жыпар жыттуу балаты, кийизге түшүрүлгөн балаты-аппликация жана башкалар бар.

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина: "Өнөктөшөтүрбүзгө, дизайнерлерге, ошондой эле кайрымдуулук долбоорунун бардык катышуучуларына көрсөткөн активдүүлүгү жана бул дүйнөнү боорукер кылууну каалагандыктары үчүн чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз. Биздин коомдун мындай демилгелерди колдоого даяр экендиги өтө манилүүү. Биз өзүбүздүн редакциялык окуялардын жаш каармандарынын жүрөгүндө жылуулуктун, кереметтин кичине да болсо, бир бөлүгү болууга кубанычтуубуз. Мындай мисалдар дүйнөнү жакшылык кыймылга келтирип турарына ынандырат" деди.

Аукциондун жүрүшүндө түшкөн бардык каражатты долбоордун уюштуруучулары Sputnik Кыргызстан порталынын улуттук жана орус тилдүү версияларында 2015-жылы жарык көргөн редакциялык материалдарынын жаш каармандары болгон аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн белек алууга жумшайт. Жаңы жылдын алдында Sputnik Кыргызстан журналисттери менен кайрымдуулук долбоорунун тең уюштуруучулары аларга белектерин тартуулайт; бул жаңы жылдык майрамдын бардык кызыктуу жерлерин Sputnik Кыргызстандын эки версиясынан тең сүрөт түрмөгү жана видеорепортаж түрүндө көрүүгө болот.

Долбоордун тең уюштуруучусу болгон "Мен Кыргызстанды сүйөм" жаштар кыймылынын жетекчиси Айжан Ибраимова мындай демилгелер кыймылдын максаттары менен милдеттерине толук туура келерин баса белгиледи. "Ушундай сонун долбоорго катышып жана Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун өнөктөшү болгонубузга абдан кубанычтуубуз. Мындан ары да ушул багытта кызматташабыз деген үмүттөбүз", — деди ал. Дизайнерлердин бири Гүлсина Белекова үчүн да "Жаңы жылдык кыял" кайрымдуулук долбооруна катушуу маанилүү болду. Анын айтымында, "…жакшылык кылуу аракеттери чыгармачыл адамдарга дайыма шык берип, анын учугу андан ары өзүнчө бир уланып кете берет".

"Мен Кыргызстанды сүйөм" жаштар кыймылы Кыргызстанда эң алдыңкы коомдук кыймылдардын бири болуп эсептелет жана өлкөнүн турмушуна активдүү катышат. Өлкөнүн жаштары үчүн долбоорлор атуулдук, билим берүүчүлүк, экологиялык, маданий, кайрымдуулук, спорт жана өрчүтүүчү программаларды, ошондой эле адам укуктары боюнча тематикалык иш-чараларды өзүнө камтыйт.

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Окурмандар үчүн Sputnik жаңылыктыктарды күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде берип турат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...