Акыркы макалалар

Атамбаев: Түркияда россиялык учактын атып түшүрүлүшү жаңылыштык болгон

Атамбаев: Түркияда россиялык учактын атып түшүрүлүшү жаңылыштык болгон

Россиянын Су-24 учагы Сирияда атып түшүрүлгөн. Россия президенти учак түркиялык F-16 ракетасынан атылганын айтып, бул кадамды "далыдан урулган бычак" деп баалаган.

Түркияда россиялык учактын атып түшүрүлүшү жаңылыштык болгон, деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгаруучу маалымат жыйында.

Өлкө башчынын айтымында, ал аталган окуяны Россия президенти Владимир Путин менен талкуулаган.

"Бул кырдаалда Түркиянын да, Россиянын да маалымат каражаттары өзүн жоготуп койду. Бирок, учакты атып түшүрүү чечими абдан чоң жаңылыштык болгон. 17 секундага кирсе да аны атпаш керек эле. Алар жылдап кураган эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге сокку урушту", — деди Атамбаев.

Президент Түркиянын жетекчиси Режеп Тайип Эрдоган мындай абалга абдан өкүнүп жатканын кошумчалады.

"Россия Түркиядан кандай кадамдарды күтүп жатканын билдирди. Түркия жөн гана жаңылыштыгын мойнуна алышы керек. Менин баамымда алар туура эмес кылды", — деди ал.

Өлкө башчы тараптар абалды курчутпоо үчүн бир пикирге келишин каалай турганын айтты. Анын айтымында, алгачкы кадамды Түркия жасашы керек.

Россия менен Түркиянын мамилеси Су-24 учагынын кыйратылышынан кийин солгундап кеткен. Россиянын Су-24 учагы түркиялык аскерлер тарабынан Сириянын аймагынан атып түшүрүлгөн. Путин муну "аркага сайылган бычак" деп баалап, Түркия мамлекетине карата экономикалык санкцияларды киргизген. Ага ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы чартердик каттамдарга тыюу салынып, жаңы жылдан баштап түркиялык жарандарды жумушка алууга бөгөт коюлган. Мындан тышкары, Россиянын аймагында иш алып барган түркиялык уюмдардын иштөөсүнө чек коюп, айрым товарларды өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салынган.

Путин Су-24 учагы Түркияга нефть жеткирүүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында атып түшүрүлгөн деп айтууга толук негиз бар экенин маалымдаган.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...