Акыркы макалалар

Кышты кыштай арзан сатылган көк алма

Кышты кыштай арзан сатылган көк алма

Азыркы убакта витаминдүү жемиштердин катарын толуктап турган бул алмалар. Ошол алмалардын ичинде көк алмалар да өзгөчө витаминдерге ээ болот экен. Биз сиздер менен ошол көк алмалардын түрлөрү, баалуулугу жанан баалары боюнча кызыктуу маалыматтар менен бөлүшөбүз

Айымдар үчүн көк алманын пайдасы көп

Көк алма - адам баласынын организмине пайдалуу жемиштердин бири. Дарыгерлердин айтымында, алманы канчалык көп жесеңиз, пайдасы ошончолук көп болот. Күнүгө эки даана алма жеп туруу кан басымыңызды бир калыпта сактап жүргөнгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле, алманын ширеси организмдеги туздуулукту азайтып, өз калыбына келтирет. Уктаар алдында алма ширесин ичсеңиз, жеген тамагыңыз жакшы сиңип, тишиңиздин бекем болушуна шарт түзүп, өзүңүздү жеңил сезесиз. Негизинен баардык эле алмалар ден-соолукка пайдалуу. Алардын курамы пайдалуу заттарга витаминдерге, микроэлементтерге, С, В1, В2, Р, Е, марганец жана калийге бай. Ошондой эле организмдеги кан айланууну жакшыртат жана темирди оңой өздөштүрөт. Мындан сырткары алмада клетчаткалар, пектиндер көп болуп боор, бөйрөктүн иштешин жакшыртат. Ошондуктан аны жегенден кийин көпкө чейин ачкалык сезилбейт. Алма жаштыкты жана сулуулукту узакка сактап калганга да жөндөмдүү келет. Кандагы холестеринди азайтат.

Көк алма темирге бай

Кызыл алмага караганда көк алмада витаминдер абдан көп. Темирдин булагы болгон көк алмалар ден-соолукка да абдан пайдалуу. Көк алманын данектери адамды бир суткалык йод менен камсыз кылат.

Иммунитетти бекемдейт

Алманын курамындагы хлорофилл кандагы эритроциттердин иштеп чыгышын жөнгө салат, иммунитетти чыңдайт. Анча өтүшүп кетпеген сасык тумоого туруштук берет.

Бырышты жазат

Алманын кайнатмасы теринин бырыштарын эң сонун жазат жана жагымдуу кылат.

Алманын кабыгын аарчып, 50 грамм сууга салып кайнатып, бир нече апельсин кабыктарын кошуп 2 саат тундуруп коюу керек. Муну күн сайын бетиңизди жууп колдонсоңуз теринин сыйдам, жаш, чың көрүнүшүнө жардам берет. Көк алманын жаңы ширеси терини витаминдер, мөмө кислоталары, туздар, эфир майлары менен камсыз кылат.

Кургак бетти калыпка салат

Кургак бетке калыптандыруучу маскаларды койсо, жардамын берет.

4 чоң кашык алма уксусун алып, бир аз гана жылытып, ага 3 чай кашык суюк бал жана 2 чоң кашык кайнак суу куюлуп даярдалган сулуу боткосун кошуп, жакшылап аралаштырып, маска жасайсыз. Аны таза бетке 30 мүнөт коюп, андан кийин аны кебездин жардамы менен алып, жылуу суу менен чайкап коюу керек. Витаминдер жана азыктандыруучу заттар терини чоюлчаак кылып, кургак кылбай, сыйдам абалга келтирет. Эгер тери абдан кургак болсо, бул ыкманы жумасына эки жолу кайталаңыз. Ошондой эле бул маскага 2 чай кашык коюу сүттү кошуп койсоңуз, азыктандыруучу касиети мурдагыдан да жогорулайт.

Бир кашык зайтун майы менен алманын боткосунун аралашмасын таза бетке сүйкөп 15-20 мүнөт калтырып, анан жылуу суу менен чайкаңыз. Жаңгак, жумуртканын сарысы менен алманын боткосун жакшылап аралаштырып, таза бетке 30 мүнөт койсоңуз да болот.

Бир кашык каймак, грейпфруттун ширеси жана алманын боткосун аралаштырып, таза бетке жарым саат коюп андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз. Бир кашык алма менен сабиздин боткосу жана майы жок айрандын аралашмасын 15-30 мүнөт бетиңизге койсоңуз да жакшы пайда берет.

Салмакты сактайт

Көк алма ашыкча салмак менен күрөшүп, организмди витаминдер менен камсыз кылат. Буга андагы витаминдердин өтө көптүгү менен калориясынын өтө аздыгы себеп болот. 100 грамм алмада 35 килокалория эле бар. Ошондуктан көк алма жеп, ашыкча салмактуулукту унутуңуз.

Тишти агартат

Тиштериңиздин бүтүн жана аппак берметтей болуусун кааласаңыз көк алманы көп жеңиз. Кызыл алмага караганда көк алмаларда шекер аз жана ал тиштин бүйлөсүн чың сактап, оорутпай агартат.

Бишкектин Ош базарында сатылган көк алмалар

Көк алмалардын бир-биринен айырмачылыгы өтө деле чоң эмес. Түштүк жакта бышкан алмалар жер кургак болгону үчүн даамдуу болуп бышат. Ал эми Түндүк жакта бышкан алмалар жер нымдуу болгону үчүн кычкыл болот.

“Симиренко” алмасы 25, 30, 35 сомго чейин бааланат. Бул алмалар көбүнчө Баткен, Ноокат аймактарында өсөт.

“Алтын Ренет” алмасы 40 сомдон жогору баада сатылат. Башка алмаларга караганда көлөмүнүн чоңдугу менен айырмаланып турат. Бул алмалар Ысык-Көл аймагында көп кездешет.

“Розмарин” алмасы 30 сомдон жогору баада сатылат. Башка алмалардан өзүнүн өзгөчө даамы менен айырмаланып турат.

“Голден Делишес” алмасы 20 сомдон жогоруу бааларда сатылат. Анын түрлөрү өлкөбүздүн түштүк аймактарында көп өсөт.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...