Акыркы макалалар

2016-жылы ар-бир облус борборлорунда калкты тейлөө борборлору ачылат

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр борбор жарандарга тейлөө көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жана ар кандай бюрократиялык убаракерчиликтерди жок кылуу максатында түзүлүп жатканын билдирди.

"Биз бүгүнкү күндүн талабына жараша алгачкы кадамдарды жасоодобуз. Жаңы борбордо бардык тийиштүү документтер электрондук форматта тапшырылат. Быйыл жалпы республика боюнча бул сыяктуу үч борбор ачылат. Ал эми 2016-жылы Калкты тейлөө борборлору ар-бир облустук борбордо андан соң ар-бир райондо түзүлɵт. Мунун ɵзү мамлекет калкка сапаттуу тейлɵɵ кɵрсɵтүүгɵ ɵтүп жатканын билдирет. Өзгɵчɵ белгилеп кетүүчү нерсе, Калкты тейлөө борборунда паспорттор ыкчам тартипте 2 саат ичинде "Паспорт" автоматташтырылган маалыматтык тутумун колдонуу аркылуу берилет",- деп белгиледи Темир Сариев.

Премьер-министр белгилегендей, бирдиктүү автоматташтырылган тутум студенттердин, мектеп бүтүрүүчүлɵрүнүн, пенсионерлердин, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын так эсебин жүргүзүүгɵ шарт түзɵт. Ошол эле учурда алар кыска мɵɵнɵт ичинде тийиштүү документтерге ээ боло алат.

Темир Сариев аткарылып жаткан иштер электрондук Өкмөт түзүү жана жарандарга сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алгачкы баскычтары экендигин жана бул иштер улантылаарын билдирди.

Түп нускага шилтеме : www.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...