Акыркы макалалар

Жалал-Абад шаардык мэриясы сынак жарыялады

Жалал-Абад шаардык мэриясы мамлекеттик тил жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо максатында эң жакшы макала, телеберүүлөргө журналисттер арасында сынак жарыялады.

Шаардык мэриянын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Үпөл Асаналиеванын берген маалыматына караганда, сынакта улуттук каада-салттарды жандандыруу, мамлекеттик тилдин баалуулуктарын, улуттук маданиятты жакшы ачып берген материалдарга артыкчылык берилет.

«Сынактын жыйынтыгы 15-сентябрда чыгарылып, анда жеңүүчүлөргө баалуу белектер мэрия тарабынан ыйгарылат»,-дейт Ү.Асаналиева.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

19.04.2013-жыл, №15

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...