Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАДДА 114 ЖАШТАГЫ ЭНЕ ЖАШАЙТ

ЖАЛАЛ-АБАДДА 114 ЖАШТАГЫ ЭНЕ ЖАШАЙТ

Сузак районунун Жоон-Күңгөй айылынын 114 жаштагы тургуну Алма Назарбекова өз учурунда тылда эмгектенип, колхоздун малын багып жүргөн, учуру келгенде тийиштүү тараптардан, тагыраагы мамлекет тарабынан эч кандай жардам албай келүүдө.

1901-жылда жарык дүйнөгө келип, турмуштун оор соккуларына чыдап, согуш учурунда тылда эмгектенген Алма Назарбековадан кабар алган жан жок. Мындай маалыматты А.Назарбекованын кызы Айтбү Назарбекова билдирди.

Айтбү Назарбекованын айтымында, Алма чоң эне өз учурунда мал багып, согуш мезгилинде тылда эмгектенген, бирок кылган эмгектеринин акыбети кайтпаган.

“Апам согуш кезинде тылда эмгектенген экен. Колхоздун да малын баккан. Бирок, ал кылган эмгектеринин акыбети катары эч кайдан жардам албайт. Пенсиясы 4200 сом. Дары-дармегине араңдан жетет. Кудайга шүгүр биздин жашообуз жакшы. Апамды эч нерседен кем кылбайбыз. Болгону өз учурунда кылган эмгеги үчүн бир аз кароо болсо жакшы болмок. Бир жолу айыл өкмөткө кайрылганмын, ал кайрылуумдун жообу болбоду. Жада калса гумжардам да берилбейт”,-дейт кызы А.Назарбекова.

Алма чоң эне учурда шаардагы Достук кичи шаарчасында кызынын үйүндө турат. 3 кызды тарбиялап, өстүрүп, 28 неберенин, 39 чеберенин бактылуу тайэнеси. Баса, Алма чоң эне жаш келиндердей эшик шыпырып, кадимкидей идиш да жууйт экен.

Эске салсак, үстүбүздөгү жыл ичинде мамлекет тарабынан 100дөн ашкан карыларга өзгөчө көңүл буруулар жүргөн. Ага кошумча облус жетекчи Жумагүл Эгембердиева да Жалал-Абад областы боюнча 100дөн ашкан 10 улгайган карыларга акчалай сыйлыктар менен азык-түлүк белекке тапшырган.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”

Түп нускага шилтеме : www.aymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...