Акыркы макалалар

Бишкекте “ЖМК жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоо” аталышындагы тегерек стол өттү

Бүгүн Бишкекте “ЖМК жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоо” аталышындагы тегерек стол өттү.

Аталган иш-чарада “Медиа өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун шайлоо учурунда ЖМКлардын иш-аракети боюнча жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы айтылып, журналисттердин ишмердүүлүгү талкууланды.

“Медиа өнүктүрүү борбору” фондунун директору Нургуль Абдыкеримованын айтымында, шайлоо процессинде жүргүзүлгөн байкоолордун негизинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

“Бул мониторингди жүргүзүүнүн башкы максаты ЖМКлардын натыйжалуу, объективдүү иштөөсүнө көз салуу, келечектеги шайлоолордо ал каталарды кайталообого үндөө болуп саналат. Ошондой эле, туура кеп-кеңештерди берүүгө аракет кылуудабыз”-дейт Н.Абдыкеримова.

Аталган уюмдун юристи Айжамал Джаныбаева шайлоо учурунда партиялар менен ЖМКлардын ортосунда чоң эле мыйзам бузуулар болгонун айтат.

“Мен эң көп кездешкен гана мыйзам бузууларды айта кетсем. Партиялардын көпчүлүгү коомдук телеканалдын жаңылыктар бөлүмүндө агитациялык материалдарын чыгарууга аракет кылышты. Мисалга алсак, КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасында саясий коммерциялык материалдар көрсөтүлүп жатты. Журналисттер мыйзамга ылайык аталган көрсөтүүдө алардын материалдарын жаңылык катары бербестен, коммерциялык негизде деп атайын реквизиттери менен белгилеп көрсөтүлөөрү керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Алгач, алып баруучулар жаңылыктар түрмөгүндө түз эле жаңылык сыяктуу элге тартуулагандары кездешип жатты. Кийинчерээк биздин эскертүүлөрдүн негизинде талаптарга жооп бере башташты”, - дейт юрист.

Ошондой эле, ал белгилегендей, шайлоо учурунда айрым журналисттер тарабынан жалган маалыматтар, фактысы жок каралоолор, журналисттик этикага каршы келген ар кандай сөздөр кездешкен.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...