Акыркы макалалар

Социалдык тармактар адамды депрессияга кабылтат

Социалдык тармактар адамды депрессияга кабылтат

Адамдардын барган сайын социалдык тармактарды көп колдонуусу, кийинкиде аны депрессияга кабылтат. Бул тууралуу Анадолу агенттигинде атайын макала жарыяланды.

Социалдык тармактаррга жипсиз байлануу адамдын “эго” сезимин арттырып, психологиялык абалын акырындык менен кыйратат. Бул боюнча психиатрист Кемал Саяр: “Facebook, Twitter, Instagram сыяктуу социалдык бөлүшүү тармактарына убакыттын көп коротулушу, адамдардын күнүмдүк жашоосунан артта калтырат. Мисалы кеч жатып, ишке кечигүү, жумуштардын баарын жасоого убакыттын жетпей калуусуна булардын таасири өтө чоң”,-деп билдирет.

Мындан сырткары социалдык тармактар “убакыттын уурусу” катары адамдарды кыска ойлонууга үндөйт. Анткени жумушту бат-баттан бүтүрүп, кайрадан виртуалдык ааламга кайтуу үчүн адамдар жасаган иштерине көп маани бербей калат. Бул узак убакыттуу керектөөнүн ордун, кыска убакытка өзүн алаксытуу басып жатканын далилдейт.

Профессор Саярдын айтымында, социалдык тармактар бара бара көндүмгө айланып, бул спирттик ичимдиктер, тамекинин көз карандылыгынан да оор болот. Мисал катары социалдык тармактарга көз каранды болуп калган адам, келечегин туура эмес пландап алуусу мүмкүн. Ошондой эле интернет жана медиадан узагыраак болуп калса, психологиялык кыжалаттануу башталат.

Ал эми социалдык тармактагы фото жана видеолор да адамды депрессияга учуратат. Бирок эң кызыгы социалдык тармактарга көз каранды болуп калган адам чындыкты моюнга алуудан коркот же четке кагат. Мисалы анын чөйрөсүндөгүлөр анын көз каранды болуп баратканын айтса, ачууланып баштайт. Мындай абал ошол адамдын көз каранды болуп баратканынын алгачкы симптомдору.

Киргизген фото же видеосу үчүн “жакты” белгисин топтоо да өзүнчө оору. Себеби “жакты” белгиси аз алып баштаган адам, өзүнүн “баасын” ылдый сезип, натыйжада максатсыздык пайда болот. Адам өзүнүн ордун коомдон жоготуп бараткандай сезилип, виртуалдык көңүл бурууга муктаждык пайда болот.

Автор: Орозгүл Арстанова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...