Акыркы макалалар

Киносценарист жана котормочу Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгы Таластагы Шекер айылында белгиленди

Киносценарист жана котормочу Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгы Таластагы Шекер айылында белгиленди

Чебер котормочу, жазуучу Ашым Жакыпбековдун 80 жылдык мааракеси анын туулуп өскөн Кара-Буура районундагы Шекер айылында белгиленди. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Азиат Жаркыналиева маалымдады.

Аталган мааракелүү салтанатка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байышбек Жуманазаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев, Кыргыз Республикасынын маалымат жана мадният минситрлигинин өкүлдөрү, облустун жалпы коомчулугу катышышты.

Облустун жетекчиси Байышбек Жуманазаровдун айтымында Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик, Чынгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты Ашым Жакыпбеков кыргыз адабиятына “Жаралуу көгүчкөн”, Биз атасыз өскөнбүз”, “Айкашка”, “Катаал багыт”, “Айдагы жезкемпир” аттуу аңгеме, повесттери менен таанылып, Чынгыз Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларын, Стефан Цвейгдин новеллаларын, М.Ю. Лермантовдун чыгармаларын кыргыз тилине которгон дасыккан, чебер котормочу катары да окурман калктын жүрөгүнөн орун алган.

“Манас” эпосун кара сөз менен жазып, кыргыз адабиятынын казынасына зор мурас калтырып кеткен. Чынында эле “Теңирим Манас” Ашым агабыздын кара сөз менен жазылган “Манас” эпосундагы өзүнүн варианты деп айтсак туура болот-дейт Б. Жуманазаров

Белгилей кетсек Шекер айылы дүйнөгө чыныгы таланттарды берген чыгаан жазуучу инсандардын айылы. Ушулу айылдан туулуп, ушул айылдан өскөн Чынгыз Айтматов, мыкты чыгармалары менен кыргыз элинин жүрөгүнөн түнөк тапкан Ашым Жакыпбеков, СССРдин эл артисти Капар Медетбеков ушул кичинекей чакан айылдан чыгып, адабият ааламына жол тартышкан.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...