Акыркы макалалар

Өмүрбек Жолдошбаев: "Кыргыз ээри талбаган мээнетти талап кылат"

Өмүрбек Жолдошбаев: "Кыргыз ээри талбаган мээнетти талап кылат"

л ичи өнөр кенчи демекчи, караган көздү кадалтып, көздүн жоосун алган ээрлери менен таанымал Өмүрбек Жолдошбаев сыймыктуу өнөрү тууралуу маек курду

Ээр чабуу сизге атадан мурас болуп калган өнөрбү? Дегеле бул ишмердикти аркалаганыңызга канча болду?

Ээр чабуу мага атадан калган өнөр эмес, өзүм аракет кылып, изденип атып үйрөнгөм. Усталардан бирин-экин түшүнбөгөн жерлерин сурадым. Баардык нерсе дароо эле жакшы болбойт. Сөзсүз кемчилик кетет экен. Тажабай жасай бериш керек. Талбаган мээнеттен кийин гана элдин талабына жооп бере турган нерсе жаралат. Ээр чаап атканыма билинбей 15 жыл өтүптүр.

Сиз жасаган ээр токумдар башка ээр токумдардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

Өзгөчөлүк катары, менде ээр токумдун түрлөрүнүн көптүгүн айта алам. Бир жерде эле тура бербейм. Кайра-кайра эле окшоштуруп жасабайм. Мисалы үчүн азыр жаңы оймо чегилген жүгөндөрдү жасадым. Буларды аламан байгелерге түшкөн күлүктөргө алышат. Ээр чабууда күчтүү фантазия керек, ээрди түрлөп жасаса болот. Дагы бир 10-15 жыл иштесек мыкты кесипкөйлүк деңгээлге жетебиз.

Бир ээрди чабууга канча убакыт кетет?

Кыргыз ээри 3 айдын тегерегинде бүтөт. Орус ээр кыргыз ээрге салыштырмалуу ылдам даярдалат 2 жума, кээде бир жумада бүтүрөбүз.

Кыргыз ээри көбүнөсе белек үчүн берилет дешет.

Кыргыз ээри аялуу нерсе да. Көбүнчө колунда барлар тойлордо белек кылууга алышат. Кыргыз ээрдин жумушу аябай оор. Күнүмдүк колдонулган кыргыз ээри да болот. Анын жасалышы жөнөкөйүрөөк жана арзаныраак. Алар 40-50 миң сомдун тегерегинде турат.

Улактын ээри өзгөчө болобу?

Улактын ээри параметрлери жана чен-өлчөмү менен өзгөчөлөнөт. Улакчы улакты эңип, басып, ыргытып атканда бүт параметрлери шайкеш келип, ыңгайлуу болушу керек. Улактын ээриндеги өзгөчөлүк отурган чарасы булгаары менен капталбайт. Улактын ээрин жакшы алышат.

Балдарыңызга өнөрүңүздү үйрөтүп жатасызбы? Бул ишмердик менен үй-бүлөнү багып кетсе болобу?

Уулум үйрөнүп атат. Сөзсүз жан багып кетүү мүмкүн. Ал үчүн элге жаккыдай сапаттуу кылып жасаш керек. Атка болгон сүйүү кыргыздын канында бар да. Ээр токумду көбүнчө айылдагылар, малчылар алышат.

Ээр токум сатып алам дегендерге кандай кеңеш бересиз? Ээрди кантип тандаш керек?

Биринчиден, ээр жасаган адамдын кепилдигин алыш керек. Ээр канчалык кооз болбосун, 2 жума токугандан кийин аттын жонун жоорутуп ийсе, анда анын кереги эмне. Ээр деген эң биринчи аттын жонуна жакшы отуруп, жоорутпашы керек. Ээр токум атка жеңил болуп, жонуна койкоюп отурушу зарыл. Анан кайыштан жасалганбы, булгаарыданбы ушунун баарын дыккаттап карап алыш керек. Кайыш менен булгаары бир тууган. Ушул экөөнүн айкалышы сапатты берет жана бышык болот.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...