Акыркы макалалар

Кадыр Маликов Кыргызстандан эч жакка кетпейт

"Мен эч нерсеге карабай Кыргызстанда калам, менин көз карашым туруктуу". Бул тууралуу белгилүү теолог Кадыр Маликов билдирди. Эске сала кетсек, 27-ноябрда ага белгисиз эки киши кол салган. Анын айтымында, укук коргоо органдары тийиштүү сакчы менен камсыз кылышты.

“Мен жакшы болуп калдым. Азыр жеке ооруканада дарыланууну улантууну көздөп жатам. Тергөө иштери мени канааттандырат, бирок мен бул маселелерге азырынча көңүл бурган жокмун, эң башкысы ден соолугумду чыңдоо. Мен эч нерсеге карабай Кыргызстанда эле кала берем. Аларды мен Кудай үчүн кечирдим, эми Кыргызстандын мыйзамы боюнча өз жазасын алышсын”,-деди К. Маликов.

27-ноябрда түндө Бишкектеги супермаркеттердин биринин унаа токтотуучу жайында белгисиз эки адам К.Маликовго кол салышып, анын бети жана моюнуна бычак урушкан. Анын айтымында, ага кол салгандар эл аралык террордук уюмдун ( ДАИШ же ИГИЛ) тарапташтары экен.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, К.Маликовго кол салган эки жаран Түркиянын Сирия менен чектешкен жеринен кармалышкан. ИИМ шектүүлөр ДАИШтин тарапташтары экенин ырастады. Эскерте кетүүчү жагдай, башында кылмыш иши КРнын Жазык кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча козголгон. Бирок, андан кийин ал “Коомдук ишмерди өлтүрүүгө кол салуу” беренесине которулду.

Кийин КРнын коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров К.Маликовдун абалын сурап ооруканага келип, Алмазбек Атамбаевдин атынан дарылануусуна 50 миң сом берген.

Булак: “Кабар” агенттиги

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...