Акыркы макалалар

ИИМ: “К.Маликовго кол салгандарды Түркиядан экстрадициялоо маселеси чечилип жатат”

Белгилүү теолог Кадыр Маликовго кол салгандарды Түркиядан экстрадициялоо маселеси чечилип жатат, экстрадициялоо күнү тууралуу азырынча маалымат жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери экстрадициялоо маселесинин үстүндө иштеп жатат. “Азырынча эч нерсе айта албайм, анда белгилүү процедуралар бар, К.Маликовго кол салгандарды экстрадициялоого байланыштуу түрк бийлигинин чечими тууралуу белгилүү болгондо биз коомчулукка билдиребиз. Азыркы учурда алардын өздүгү такталып жатат”,-деди ал.

Эскерте кетсек, теолог К.Маликовго кол салуу 27-ноябрь күнү “Асанбай” кичи районунда болгон. Ал бети жана моюнунан бычактан жарат алган. Буга чейин КР ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов билдиргендей, шектүүлөр Тилек Алибек уулу менен Ырыскул Бейшеналиевдер өздөрүн “Ислам мамлекети” атаган эл аралык террордук уюмдун тарапташтары болуп эсептелинет.

Шектүүлөр Түркиянын Сирия менен чектешкен аймагында кармалышкан.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...