Акыркы макалалар

Доллардын наркы дагы жогорулайбы?


Доллардын наркы дагы жогорулайбы?

Өткөн аптада доллардын баасы эң жогору чегине, тактап айтканда 80 сомго чейин чыкты. Сомдун наркын түшүрбөй кармап туруш үчүн Улуттук банк ири суммадагы бир нече интервенцияларды ишке ашырды. Жылдын башынан бери доллар улуттук валютага карата 28,9 пайызга, башкача айтканда 58 сомдон 76 сомго чейин өстү. Бул арада доллардын кескин жогорулап кетишин жайлатуу максатында Улуттук банк жалпы суммасы 251,8 млн доллдарга барабар каражатты валюат базарына сатып, 25 ирет интервенция жасады. Акыркы жолу 34,7 млн доллар сатыкка 24, 25 жана 27-ноябрда чыгарылды.

Улуттук банк берген маалыматка таянсак, дал ушул күндөрү чайкоочулук чабуул болуп, америкалык валютанын наркы 79 сомго чейин кымбаттаган.

Доллардын курсу менен кошо тышкы карыз дагы өсүп жатат

Курстун кескин жогорулашы мамлекеттин бюджетине кескин сокку урду. Бюджеттеги пайда болгон жетишсиздикти толтуруш үчүчн миллиардга жакын сом керектелет.

Быйыл мамлекеттик бюджеттен тышкы карызды тейлеш үчүн 639,8 млн доллардан ашуун каражат (7 млрд 541,8 млн сом) керек, башында бул көрсөткүч 6 млрд 901,9 млн сом болуп пландалган. Тышкы карызды тейлеш үчүн керектеле турган чыгашанын көбөйүшү чет элдик валютанын сомго карата кымбатташы менен шартталды. Каржы министрлиги берген аталган статистика 2015-жылдын 30-сентябрында, тактап айтканда доллар 69 сом кезинде түзүлгөн. Демек азыр доллар 76 сомго чыккан кезде тышкы карызды тейлөөчү чыгашалар дагы 639,8 млн сомго көбөйдү.

Тышкы насыялар берилбейби?

Өткөн жылы КРдин мамлекеттик тышкы карызы 3 647 млн долларга (214 759 млн сом) барабар болгон эле. Анын 94 пайызы- 3 437 млн доллары (202 397 млн сом)- тышкы карыз, 6 пайызы- 210 млн доллары (12 362 млн сом)-ички карыз. Мамлекеттик тышкы карыздын Ички дүң өндүрүмгө карата катышы 50,9 пайызды түзөт.

Каржы министри Адылбек Касымалиев берген маалыматка таянсак, Ички дүң өндүрүмгө карата тышкы доллардын көлөмү 58 пайыздан ашты.

"Карыздын көбөйүшү мамлекеттик ири долбоорлорду ишке ашырыш үчүн көп суммадагы акчаны алып келгенибизге жана улуттук валютанын кунун жоготушуна байланыштуу болуп жатат",-деп түшүндүрдү министр.

Бирок парламенттин "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаровдун маалыматына таянсак, доллардын наркынын кымбатташынан улам тышкы карыздын көлөмү парламент тарабынан бектилиген чектен, тактап айтканда Ички дүң өндүрүмдүн 60 пайызынан ашып кеткен.

"Буга чейин парламент тышкы карыз боюнча чекти бекиткен болчу. Эгерде мамлекеттин тышкы карызынын өлчөмү Ички дүң өндүрүмдүн 60 пайызынан жогоруласа, мындай учурда өкмөт тыштан карыз албашы керек.Эми азыр же бекитилген чекти кайра карап чыгышыбыз зарыл, же болбосо өкмөткө насыя албашы үчүн тыюу салышыбыз кажет",-деп эсептейт Жапаров.

Эскерте кетсек, мамлекеттик бышкы карыздын көлөмү 2015-жылдын 30-сентябрына карата 3,4 млрд долларды түздү.

Баардыгын өкмөт чечиши керекпи?

Доллардын кескин түрдө жогорулашы биринчи кезекте эле карапайым жарандарга таасирин тийгизди. Айрыкча насыяны доллар менен алган жарандарга.

Өкмөт Улуттук банк менен биргеликте доллар менен алынган ипотекалык насыяларды сомго которуу боюнча механизмдерди иштеп чыгып жатат.

Бирок кандай үстөк пайыз жана канча курс менен насыяларды эсептешээри азырынча белгисиз. Эске алчу жагдай, мамлекеттик бюджеттен ипотекалык насыялардын айырмасы бюджетте иштегендер үчүн гана төлөнүп берилмекчи. Башка карызкорлор үчүн кайсы булактан доллардын курсунун айырмасын төлөп беришет азырынча белгисиз. Бул механизмдер кийинки жылы гана иштеп баштайт жана 2016-жылдын бюджетине киргизилет.

Бул арада карыз алгандар насыяларын 76 сомдон төлөөгө мажбур болушууда. Улуттук банктын берген маалыматына таянсак, республикада учурда 9 млрд сомдук ипотекалык насыя берилген, анын ичинде калктын аз камсыз болгон катмары 1 млрд сомдук насыя алган.

Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, өкмөт доллар менен берилген насыянын курстук айырмачылыгын субсидиялоо боюнча милдет алышы керек.

"Министрлер кабинети каржылоо булагын табуусу керек.Коммерциялык банктар мындай каражатты таба албайт. Болбосо биз аларды жоготуп алышыбыз ыктымал",-дейт төрага.

Валюта базарындагы жагдайга Улуттук банк жооп берет. Бирок курстун кескин жогорулашын өкмөт бюджет каражаттарынын эсебинен жөнгө салышы кажет.

Эч ким күнөөлүү эмес

Улуттук банк берген маалыматка таянсак, доллдардын сомго карата наркынын жогорулашына бир катар факторлор таасир берген.

"Мунайдын дүйнөлүк баасынын төмөндөшү доллардын курсуна таасир берди. Мунайдын жана газдын баасынын кескин арзандап кетишинен улам Казакстан менен Россиянын экономикасы начарлады. Буга байланыштуу эмгек мигранттары которгон акча агымы азайып кетти. Эгерде өткөн жылы которулган акчанын жалпы көлөмү 1,4 млрд доллар болсо, быйыл ал 1 млрд долларга чейин кыскарган. Доллардын кымбатташынын дагы бир фактору- биздин экономикабыздын алсыз экени. Импорт менен экспорттун ортосунда тең салмактуулук жок. Үчүнчү фактор катары чайкоочулукту атасак болот",-дейт Абдыгулов.

Кымбаттатууну алдын ала сүйлөшүп алышканбы?

Парламенттин "Бир бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов Улуттук банкты валюта базарындагы жагдайдан күнөөлүүнү издебей, доллардын сомго карата кескин кымбаттап кетишинин реалдуу себептерин аныктоого чакырып өттү.

"Улуттук банк бир казына кызматкеринин шалаакылыгынан доллардын баасы бир күндө үч сомго өскөн деп билдирүүдө. Бирок бул реалдуу эмес да. Бир казыначы эле жагдайга таасир бере албайт да. Эмне үчүн чыныгы себептерди аныктоо боюнча иш жүргүзүлбөй жатат? Ким доллардын курсунан акча иштеп тапканын ачыкташ керек. Ошондой эле жарандардын чыгашаларын дагы тактоо абзел. Мамлекет канча жоготту? Келтирилген зыянды ким төлөйт?,-деп нааразы болду депутат.

Баарына "Моссовет" айыптуу

"Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров Улуттук банктын төрагасы доллардын кымбатташына "Моссоветти" жоопкер кылды деп эсептейт.

""Моссоветтеги" казыначыны доллардын наркынын жогорулашына айыптаган туура эмес. Улуттук банктын башчысы валюта базарындагы жагдайга жоопкер болушу керек",-дейт депутат.

Башка өлкөлөрдүн мисалында

Казакстан менен Россия чет элдик валютанын кымбатташын башынан өткөрдү. Бул өлкөлөр доллар менен алынган насыяларды рубль жана теңгеге өткөрүштү. Казакстан менен Россия айырма акчаны фонддор менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөдү жана аталган мамлекеттерде насыялар улуттук валюта менен берилип жатат.

Кепилдик жок

Ошол эле арада Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов доллардын баасы мындан ары дагы жогорулабайт дегенге кепилдик бере албасын айтты.

"Мен мындай кепилдик бере албайм. Анан калса чет элдик валютанын наркынын жогорулашы Улуттук банктан көз каранды эмес. Эгерде менде мунайдын дүйнөлүк баасын жогорулатып жана тигил же бул продукцияга бааны тактап кое турган мүмкүндүгүм бар болсо мен доллар кымбаттабайт деген кепилдик бермекмин. Бирок менде мындай ыйгарым укук жок, ошондуктан кепилдик дагы бере албаймын. Ошол эле маалда сом эбактан бери эле эркин курска өткөнүн белгилеп кетишим керек. Болгону валюта базарындагы жагдай туруктуу болот деп гана убада бере алам",-дейт Абдыгулов.

Түп нускага шилтеме : www.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...