Акыркы макалалар

Күнчабыт: Башкы прокурор: “5-чакырылыштагы ЖКнын 15 депутатына карата 18 кылмыш иши козголгон”

Күнчабыт: Башкы прокурор: “5-чакырылыштагы ЖКнын 15 депутатына карата 18 кылмыш иши козголгон”

5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш иштеген 5 жыл аралыгында бул ЖКнын 15 депутатына карата 18 кылмыш иши козголгонун башкы прокурор Индира Джолдубаева 8-декабрда АКИpress агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын айрымдарына эки мертебе кылмыш иши козголгон. Н.Түлеев, К.Осмонов, А.Келдибеков, У.Аманбаева, Х.Коркмазов жана К.Самаковго коррупция белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Сотко жөнөтүлгөн 9 депутаттын 7сү кылмыш жообуна тартылган. Түлеев үй-мүлкү конфискацияланып, 11 жылга, ал эми Ташиев, Мамытов жана Жапаров 1,5 жылга эркинен ажыратылган. Келдибеков Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу эпизоду боюнча 3 млн сомго штраф тартып, башка иш боюнча акталган. Урмат Аманбаева 9 жылга, Коркмазов 1жылга эркинен ажыратылган.

Башпрокурор мында Коркмазовдун жазасына прокуратура макул болбогондуктан аппелляциялык арыз бергенин да маалымдады. Ал ошондой эле Н.Төрөбеков менен К.Самаковго карата кылмыш иштери соттун кароосунда экендигин, 3 депутаттын кылмыш иштери өндүрүштөн алынганын, атап айтсак, С.Жапаров менен К.Осмоновдуку мөөнөтү өтүп кеткендиктен, Н.Мурашевдики эки тарап жарашып алгандыктан токтотулганын айтты.

«24.kg» сайты “Ар Намыс” фракциясынан ЖКнын мурдагы депутаты Н. Төрөбековдун ишин териштирүү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна берилгендигин жазды. Бул сайттын маалыматына караганда Төрөбеков жасалма документтерди, штамптарды, мөөрдү, бланктарды жасоо жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталган. Ал 2011-жылы 23-июнда ЖКнын депутаты болуп туруп Президенттин аппаратына Кыргыз улуттук университети тарабынан берилген жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн тапшырган. Ага жана башка документтерге ылайык Төрөбековго “Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чини ыйгарылган. Бирок ал 2003-жылдын 23-декабрында бул окуу жайдан чыгарылганы жана ошол боюнча кайра окубаганы аныкталат. Диплом ага берилген да, каттоо китебине түшүрүлгөн да эмес. Андай каттоо номериндеги диплом 2004-жылы 30-сентябрда башка серия менен башка бүтүрүүчүгө берилген. Ошентип Н. Төрөбеков класстык чин алуу үчүн жасалма дипломду пайдаланган. Башкы прокуратура 2014-жылдын 7-октябрында аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурап ЖКга кайрылган. ЖК аны депутаттык кол тийбестигинен ажыратууга уруксат берген эмес.

“ Фабула” гезити 8-декабрдагы санына 1,5 жылга соттолуп, эркиндикке чыккан К. Ташиевдин мындан аркы тагдырына саресеп салды. Гезит "Ата Журт" партиясынын мурдагы лидери, “Республика - Ата Журт" партиясынын учурдагы тең төрагасы Камчыбек Ташиев АКШга кеткен жатканын, анткени Ө. Бабанов сыяктуу парламенттен орун ала албай калганын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин көздөп ал кызмат да колуна тийбей калганын, ЖКга аттанып жатып, бизнесмендерден ири суммада акча алып койгонун, бизнесмендер бекер акча бербестигин, Ташиев парламентке олтуруп калса жардамы тиет деп үмүт артышканын, эми ошол акчаларын доолап Ташиевдин үйүнүн эшигин жыртып жиберишкенин, ошондон улам ал АКШга качып кетип жатканын, ал жакта 5-6 жыл жашап, Р. Жээнбеков сыяктуу кайтып келсе, Американын ырын ырдап калааарын, Ташиев+ Бабанов тандеми башынан эле шек жаратканын жазды.

«De факто» гезити №44 санына “Бир бол” партиясы аркылуу келген учурдагы ЖК депутаты Игор Чудиновго Башкы прокуратура тарабынан эмне үчүн кылмыш иши козголгонун таржымалдады. Гезиттин жазганына караганда К. Бакиев мезгилинде Премьер-министр болуп турган Игор Чудиновго мыйзамсыз иштери үчүн кылмыш иши козголуп, ал жашырынып качып кеткендиктен издөө жарыяланган. Анан эле быйылкы 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутаттыкка “Бир бол” партиясы аркылуу ат салышып чыга келди. Башкы прокуратура ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” статьясы боюнча кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштери Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөн. Чудинов “айыл чарба багытындагы жерлерди” “калктуу пунк” категориясындагы жерлерге которуу боюнча мыйзамсыз токтом чыгарган. Ага мурда дагы “Кыргызгаз” ишканасында жетекчи болуп турганда да “ишенип тапшырылган мүлктү өзүм билемдик менен себепсиз жок кылгандыгы” үчүн КРнын Кылмыш кодексинин 171-статьясы менен, “мыйзамсыз каржылык жеңилдикти алганы же сунуш кылганы” үчүн 215 – статья менен, “комерциялык жана башка кызматтарды кыянаттык менен пайдаланганы” үчүн 221-статья менен кылмыш иштери козголгон. Чудинов «БишкекЭнергоКомплекс» ишканасынын өкүлчүлүгү менен мыйзамга тура келбеген макулдашууга барып, натыйжада “Кыргызгазга” 4 млн 529 миң 143 доллар зыян тарттырган. Өз учурунда бул кызматтык кыянатчылык мамлекетке 3 млн 713 тысяч 897 доллар зыян алып келген.

«De факто» гезити андан ары “Кыңыр иш 40 жылда билинет” демекчи, жооп берчү убакыт келди. Башкы прокуратура мына ушул иштердин баарын ачыкка чыгарат деп ишенебиз” деп жазып, башкы кейипкерине ” Игорь мырза, Аламүдүн районундагы жер участокторун алдамчылык-айлакерлик менен сатканыңыз чынбы, Премьер-министр болуп турганыңызда канча байлык жыйнадыңыз” деген суроо менен кайрылды.

Дайырбек Мейманов “Кабар”

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...