Акыркы макалалар

Орусияда "Кыргыздардын жалпы орусиялык уюму" түзүлөт

Орусияда "Кыргыздардын жалпы орусиялык уюму" түзүлөт

14 - апрелде кыргыз коомдук бирикмелеринин башчыларынын, Москва жана Москва облусунда жашаган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болду. Анда "Кыргыздардын жалпы орусиялык уюмун" түзүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул коомду түзүүнүн негизги максаттары Орусиядагы кыргыз жарандарынын укугун коргоо, кыргыз элинин каада - салтын сактоо жанан өнүктүрүү. Ошондой эле Кыргызстан менен Орусия элинин достугун арттыруу экенин акыйкатчы институтунун Москвадагы өкүлү Эшимов Руслан "Марал" радиосуна маалымдады. Эгерде Орусиянын 42 регионунан бирдиктүү уюм түзүү максаты колдоого алынса, "Кыргыздардын жалпы орусиялык уюму" иш алып бара баштайт.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...