Акыркы макалалар

Биометрикалык паспорттор 2016-жылдын июнь айынан тарта берилет

Кыргызстанда жарандарга биометрикалык паспортторду берүү иши 2016-жылдын июнь айында башталат. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев "Марал" радиосуна билдирди.

"Эгерде бардык тендерлер өз убагында өтүп, эл аралык сатып алуулар тоскоолдуктарга учурабаса убагында берип баштайбыз. Паспорт берүү үчүн биометрикалык маалыматтарды толук топтоонун кереги деле жок. Учурда дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жарымынан көбү биометрикалык паспортко өтүп кетти. Алардын тышкы күчтөрдөн өзүлөрүнүн мамлекетин коргоо максатында түзүп жаткан системасы. Биз дагы өз өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн бул маалыматты тапшырышыбыз керек. Эң кыйын мезгил артта калды. Эми мындан ары паспорт берүү жөнөкөй болот", - деди Сарпашев.

Биометрикалык паспорттордун үлгүсү азыркы ID паспорттордон көп деле айырмаланбайт. Көлөмү ошондой эле болуп, болгону сүрөттүн астында маалымат жазыла турган чип болот. Ошол чипте жаран жөнүндө, жашаган дареги жана үйлөнгөндүгү тууралуу маалыматтар жазылат. Ал эми сырткы бөлүгүндө коргонуу мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк болот. Биометрикалык паспортту мамлекет өзү жасайт. Андыктан, баасында деле айырмачылык болбойт. Каражат толук мамлекетке түшөт.

Бүгүнкү күндө 2 млн 930 миңден ашык жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Бул жарандардын 90 пайызын түзөт. Учурда маалыматтарды топтоо улантылууда.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...