Акыркы макалалар

Камчы Көлбаевге тагылган кылмыш иштери боюнча сот иши башталды

Камчы Көлбаевге тагылган кылмыш иштери боюнча сот иши башталды

Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Камчы Көлбаевдин үстүнөн болгон сот иши ачык өттү. Ага кылмыштуу топту уюштургандыгы, бийлик өкүлдөрүнө карата күч колдонгондугу, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөндүгү, баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы, киши уурдагандыгы, тоноо, бирөөнүн эркиндигин мыйзамсыз чектегендиги боюнча айыптар тагылып жатат. Бирок Көлбаев өзүнө тагылган күнөөлөрдү четке кагып, макул эместигин билдирди.

Көлбаевдин жактоочусу Сергей Мамикян да тагылып жаткан айыптарга макул эместигин айтып, өз ою менен бөлүштү: «Эми Адвокат катары айыпталуучу тараптамын. Азыр эч нерсе айта албайм, башкача айтканда объективдүү маалымат бере албайм. Бирок Көлбаевге тагылып жаткан айыптар менен макул эмеспиз. Баарыбыз көрдүк , азыр эле жабырлануучумун деген Бекбоев жана Козахмедов аттуу жарандар 2007 - жылдан бери өздөрүнүн ортосундагы чоң бир көйгөй менен соттошуп келет экен. Анан Көлбаевге маселени чечүүгө жардам бер деп кайрылышкан. Алар өз сөзүндө : «Биз Көлбаевден эч бир зордук зомбулук көрүп же зыян тарткан жокпуз»,- деп, бүгүнкү сотто өздөрүнүн ортосундагы чатагын айтып отурушат. Анан бул жерде айыпталуучуга коюлуп жаткан күнөө негизсиз болуп жатат. Соттун кийинки иштеринде дагы көрөбүз, баарыбыз өз көзүбүз менен күбө болобуз »,- дейт Мамикян.

Камчы Көлбаевдин иши боюнча кийинки сот отуруму 23 - апрелге белгиленди.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...