Акыркы макалалар

Алтынбек Максүтов: “4-декабрь “Манас” эпосун адамзаттын мурасы катары дүйнө тааныган күн”


Алтынбек Максүтов: “4-декабрь “Манас” эпосун адамзаттын мурасы катары дүйнө тааныган күн”

4-декабрь “Манас” эпосунун күнү. Буга байланыштуу бүгүн А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында атайын иш-чара болуп өттү. Ага КР премьер-министри Т.Сариев, Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов, ЖК депутаттары, коомдук ишмерлер жана манасчылар катышты.

Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов: “ - Бул күн- Улутубуздун сыймыгы болгон “Манас” эпосунун күнү деп аталып тарыхый датага айланган өзгөчө күн. Туура эки жыл мурун Баку (Азербайжан) шаарында материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык жыйындын чечими менен кыргыз элинин “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпикалык үчилтиги Кыргыз Республикасынын атынан ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” тизмесине катталган. Ал эми, туура 10 жыл мурун 2003-жылы кыргыздын манас айтуучулары манасчылык, дастанчылык төкмө акындык өнөрү бүткүл адамзаттын оозеки мурасынын шедеври деп жарыяланган”,-деди ал.

“Биз сөз чеберлери, манасчылар, төкмө акындар менен бактылуубуз. Сөз кудуретин, баа баркын, дараметин, күчүн билген улуу элбиз. Элибиз сөз өнөрүн ушунчалык бийик деңгээлге көтөрүп, сөздөн океандай эпос жаратып дүйнөлүк оозеки маданияттын үлгүсүн адамзаттык дөөлөт катары көтөрүп чыкты. Биз муну менен мактанып дагы, сыймыктанып дагы келебиз”,-деп кошумчалады маданият министри.

Ал ошондой эле, төкмөлүк өнөрдүн “Дүйнөлүк маданияттын шедеври” номинациясына киришине нар көтөргүс эмгек кылган Кыргыз элинин баатыры Бексултан Жакиев менен КРнын ЖК депутаты Садык Шер Ниязга жана “Манас” үчилтигин ЮНЕСКОнун үчилтигине каттоодо зор салымын кошкон бардык атуулдарга терең ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле КРнын Казакстан Республикасынын атынан Айтыш-Айтыс төкмөлүк өнөрү ЮНЕСКОНУН адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталганы менен куттуктады.

Белгилей кетсек, 4-декабрь “Манас” эпосун адамзаттын мурасы деп дүйнө тааныган күн. Аны жыл сайын белгилөө максатында 2015-жылдын 27-апрелинде бекитилген.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...