Акыркы макалалар

"Балык багуунун дагы өзүнчө сыры, тоодой түйшүгү бар"

"Балык багуунун дагы өзүнчө сыры, тоодой түйшүгү бар"

Кубаныч Абдырахманов, "Бейбарс" балык чарбасынын башчысы:

Акыркы жылдары Нарын облусунда балык чарбалардын саны көбөйүп, киреше алып келүүчү тармакка айлана баштады. Айрымдар кышы катаал акмакта балыктардын багылышына таң калгандары дагы бар. Биз бүгүн Достук айылында жашап, Ат-Башы суусуна салынган көпүрөнүн кулагындагы өз ишин жүргүзүп жаткан "Бейбарс" балык чарбасынын жетекчиси Кубаныч Абдырахманов менен тааныштырабыз.

- Кубаныч байке балык чарбаны түзүүгө эмне түрткү болду эле. Азыр канча түрү бар, ыңгайлашуусу кандай экен. Дегеле чарбаны түзүүдөгү оош-кыйыштар, кайдан үйрөнгөнсүз, ушулар тууралуу токтолуп өтсөңүз?

- Балык чарбасын уюштуруп калганым мен бала кезде эле эколог же токойчу болсом деген кыялдарым бар болчу. Дагы бир себеби балдардын көбү итий оорусу менен ооруйт. Менин улуу балам "Д" витамини жетишпей, ошону менен ооруган. "Д" витамини балыкта көп болот экен. Ошол түрткү берди окшойт.

Кичинекей кезде ушул жерлерге келип балык кармачубуз. Кийин көпүрөнү оң жагына салып, бул жер суунун нугу болуп калган. Күн батышында дагы бир көлмө бар болчу. Аны суу чайкап кетти. Анан бир жылы келсем көп балык ушул көлмөнүн үстүндө кырылып өлүп жатыптыр. Не болуп өлүп жатканын байкаштырып көрсөм, аягынан суу чыкпай калып, эскирип сасып кетиптир. Суу алмашпаса өлө берет тура. Балык салып багайын деген ой менен алты жыл мурун тажрыйба иретинде аягын казып чыгып, жаңы суу толтуруп алмаштырдым. Ат-Башы ГЭСинен икра чача турган балыктан сегизди кармап келип коё берип көрдүм. Икра чачып бүткөндөн кийин чоң балыктарды кайра эле чоң сууга салып ийдим. Малёктор чоңоюп, кийинки жылы дагы кырылып калды. Эмнеден улам өлгөнүн иликтеп көрсөм, жер кыртышынан кетип жатыптыр. Балыктын өзүнүн сырлары көп экен. Суу астында жүрсө, малдардай болуп ооруганын билбейсиң. Же балык багуунун сырларын үйрөнүп окубасак. Эки жактан барып көрүп үйрөнүп келгенге да мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Аракет кылып 7-8 жыл практика жүзүндө изилдеп, документтештирип алганга чейин үйрөндүм. Ошентип отуруп былтыр тобокелге салып болгон малымды сатып, бүт каражатымды балык чарбага жумшап, экспермент катары Чүйдөн балык алып келип салдым. Өтө көп эмес аз-аздан ак амур, толстолобик, карп, пелед, сига, маринка, кичине синявка, пальман салынды. Азыр ошо алды текшерип көрсөм, жазында ич майы менен семиз чыкты. Демек бул балыктарга жакшы шарт экен. Мисалы алып келген беш түр балыктын төртөө жакшы чоңойду. Бирөө толстолобик чоңойбой койду. Буларды Чүйдөгү балык заводдун астындагы менчик кєлмєлєрдєн алгам. Машиналарды жалдап түнү менен алып келип коё бердим. Көптөгөн азаптар болду. Эми кудай буюрса быйыл пайдасын көрөбүз го деп үмүттөнүп турам.

Балык чарбаны кичүү уулумдун атынан "Бейбарс" деп койгом. Көпүрөнүн жанында жайгашкандыктан картага кирип калды. Ушундан ылдый канал курабыз деп корейлер келишиптир. Ошолорго ченетип койдум. Аянты бир гектар тогуз сотых болду. Тереңдиги төрт мертди түзөт.

- Булар табыгый тамактанган балыктар да. Кошумча тамак дагы берилдиби? Бир жыл аралыгында канча салмак кошту?

- Табыгый тамактанган балык болгону менен кошумча тамакты аябай көп бердим. Эки тонна буудай, бир тонна арпа жеди. Майда-чүйдө жем берилди. Табыгый тамактандырыш үчүн чекелерин балыр бастырып планктон кылыш керек. Чүйдүн шарты, климаты менен бул жердики эки башка. Андан эки эсе эмгек жасаганга туура келет. Планктондоштуруш үчүн жер семирткичтер бар. Ошолор менен иштетип сууну жашылдандырат. Чүйдүкүндөй кылсам суум таптаза боюнча калды. Ошон үчүн толстолобик чоңойгон жок.

Кышкысын "скачка" деп коёт жайлата топтогон майы менен чээнге кирген сыяктуу жазга чейин жашайт. Семиз кармаш керек. Антпесе жазга чыкпай өлүп калат. Азыр канчасы жазга өлбөй чыгат айтуу кыйын. Бул эми Чүйдүн шарты менен 10 эсе чоңоюш керек. Андай шарт болбогондуктан жайыраак өстү. Шартка ылайыкташкандар жакшы эле чоңойду. Мисалы; толстолобик 900, ак амур 700-800 грамм болуш керек болчу. Бир жылдык ак амур бир кг чейин барды.

- Арендага канча жылга берилген. Алдыда мөөнөтүн узагыраак кылып келишим түзүп, дагы чарбаны чоңойтсом деген пландар болуп жатабы?

- Бул жер суунун күн батыш жагы болгондуктан Учкун айыл өкмөтүнө тиешелүү болуп калат экен. Айыл өкмөттөн арендага алып, иштетип жатам. Мурун 20 га болчу. Кийин кайра алышкан. Жанына цемент чыгарган кичи завод курулду. Көлмө жайгашкан жерге гана аренда төлөйм. Чарбаны баштаганга жараша деп үйдү жанына салдым. Антпесе броконьерлер канча эмгекти жокко чыгарып коёт. Азыр документтерин тууралап жатабыз. Жайкысын экинчи уулум Медет экөөбүз күндүзү ал, кечкисин мен кезектешип карайбыз.

Документи 49 жылга узартылган болсо жакшы болмок. Эл макулдугун берип, жерин депутаттар чечип берсе, четине бак-шак отургузуп, эс алуучу жайларды, сууга катамаран салып, тоонун түбүнө жайкы лагерь курат элем. Азыр беш жылга эле берилген. Жайкысын эс алгандар көп болот. Аркы жээке машина батпай калат. Быйылтан баштап, акы төлөй тургандай кылайын деп жатам. Себеби куткаруучу туруп, ага төлөш керек. Таштандыларды тазалайсың. Жөн гана балыкка тийбесе болду. Мындан сырткары питомник уюштурайын деген пландар бар.

- Ишиңизге ийгилик. Пландар жүзөгө ашып кетсин.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...