Акыркы макалалар

Кыргызстанда жер титирөө катталды

Кыргызстанда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КРнын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 1-декабрда Кыргызстандын жергиликтүү убактысы боюнча саат 12:13тө КРнын улуттук илимдер академиясынын сейсмологиялык институтунун сейсмология станциясы MSK-64 12 баллдык шкалада чордону 5-6 баллга жеткен жер титирөө каттады.

Сейсмология институтунун болжолдуу маалыматына караганда жер титирөөнүн борбору Кыргызстандын аймагында, Жаз-Кечүү айылынан түштүк-батышка карай 5 км, Ак-Булак айылынан чыгышка карай 10 км, Арсланбаб айылынан чыгышка карай 20 км, Жалал-Абад шаарынан түндүккө карай 50 км аралыкта жайгашкан.

КРнын калкттуу пункттарында жер титирөөнүн күчү Жаз-Кечүү айылында 6, Ак-Булак, Кызыл-Үңкүр айылдарында 5,5, Көк-Жаңгак шаарында 4, Кара-Көл шаарында 4, Жала-Абад шаарында 3,5, Майлуу-Суу шаарында 3, Токтогул районунда 3,5, Ош шаарында 2-3 баллга жетти.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...