Акыркы макалалар

Салтпы же єнєкєтпї?..


Улуттук нарк-насилибизди айта келгенде кыргыз сыймыктанчу эў сонун, башка эч бир элдерде кезикпеген каада-салттарыбыз арбын. Ошол эле учурда эл арасында бара-бара калыптанып, салт ордуна єнєкєткє айланган,ойлонтоор  иштерибиз да жок эмес. Мисалы кыргыздын єлїк коюу жана той берїїсї деген эки учурду карап кєрєлї.

Ичээр суусу тїгєнїп, каза болгон адамдын жакындары аны акыркы сапарга узатууда колунан келген урмат сыйын кєрсєткїсї келет. Мына ушунун єзїндє бир топ чиеленген суроолор туулат .Себеби «Бардын байлыгын чачам, жоктун артын ачам” деген шарт тїзїлєт. Албетте, колунда бар адам бир нече мал – жылкыдан тартып, койго чейин союп, азыр їйдєн эле эмес, кафе-ресторандан элге тамак берген адатка айланбадыбы?.. Азыр мурдагыдай жыртыш айрылбай калып, жїз аарчынын тїрї таркатылат. Єлїк коюлгандан кийин дагы їчилик, жетилиги, кыркы, керек болсо айрым жерлерде 52 кїндїгїнє чейин жумасына мал союп куран окутушат. Муну биз баарыбыз дин жолундагы иш деп тїшїнєбїз. Бирок дин єкїлдєрїнїн айтымында андай эмес экен. Бишкектеги борбордук мечиттин молдокеси Насыр Садыков мындай дейт:

Исламда маркум каза болгондо їч кїнгє чейин эч кандай мал союлбаш керектиги айтылат

Пайгамбарыбыздын осуяты ушундай, каза болгон адамдын бала-чакасы, туугандары тарабынан їч кїн аза кїтїлєт, анан тєртїнчї кїнї ишке чыгып,тирилигин улантсын делет. Мындай абалда коўшу-колоўдору аза кїткєн адамдарга колдоо кылып, суюк тамак жасап келип турган жакшы адаттар калып баратат. Эми садага кылып, куран окутуш боюнча айтсак – ислам дининде їчилик, жетилик, кыркы жана жумалыктары деген эч жерде айтылган эмес, кимде ким кєзї єткєн жакындарына куран садага кылам десе антип белгилеп албай эле, єз мїмкїнчїлїгїнє карап, шарты келгенде єз їйїндє куран окута берсе болот. Эч качан садаганы карызга батып, кыйналып туруп жасабаш керек, ал кабыл болбойт. Колуўдан келип, мал-келиў бар болсо, артыўдагы бала-чакаўан арткан ырыскыны гана садагага арнаган абзел. Садага кылып, маркумдарга куран окутушту туура амал менен єткєргєн сооп болот. Ал эми колунда бардар адамдар дагы тєрттєн-бештен мал атап cоюп, ресторандардан куран окутабыз дешсе, ал адал жол менен табылган оокат жана чын дилинен маркумдун соопчулугуна гана арналыш керек. Жєн эле элге кєрїнєм, колумдагы байлыгымды кєрсєтєм деген ойдогу садага кабыл алынбайт. Мындай багытты момун мусулман калкына биз – молдокелер дагы, нарктуу айыл аксакалдары дагы коомдо жайылтуунун їстїндє иштесек келечекте маркумду узатуу, аны эскерїї жагы да бир жолго салынып калаар деген ойдомун.

Экинчи жагдай – кыргыздын той бергени

Эми бизде той берїїгє шылтоо кєп. Албетте, колунда бар адам агын-кєгїн чачып, тойго бардык жакындарын, куда-сєєктєрїн, досторун, санаалаштарын чакырганда кимдир бирєєлєрдї кемсинтип, байлыгым менен мактанып алайын деген пикирде болбосо, ак дасторкон четинде жарык маанай менен элдин ак батасын алайын десе анын эмнеси жаман деген дагы ой туулат.

Пайгамбарыбыздын айткан осуяты бар, эгер їй-бїлєдє эркек бала тєрєлсє эки кой союп, кыз бала тєрєлє турган болсо бир кой союп той бер деген. Биз “акыйка” деп айтабыз, бул элде “жентек” берїї ырымы. Ал эми азыр єнєкєткє айланган жашына карап, туулган кїн, юбилей тойлору деген мурда дегеле болгон эмес. “Тойду тойгон берет” – деген сєз бар. Азыр эми жетишкендиктин белгиси ушул, той бергенге шылтоо да кєбєйдї,-дейт Насыр молдоке.

Эгерде той ээси кыйналып, карызга батып, баланчадан кем калбайын, карыздап той єткєрїп, тойдон кийин кутулам деген жагы болбосо мунун жаман деле жагы жок. Кыргыз жалаў той-аштардан башы чыкпай, карыздап болсо дагы тиги катышымдан калбайын деген єнєкєткє єтїп алды. Кєп учурда мындай абал калк турмушуна кыйынчылык келтирет. Ошондуктан “аш кєп болсо каада кєп” кылбай кыргыз калкыбыз улуттук салт-санаабыз менен турмуш агымынан пайда болуп, єнєкєткє айланган адаттарыбызды ажыратып ылгап алганыбыз оў.

Бїгїнкї ашыкча шаў-шєкєттїї аш-тойлорубуз башка элдерге гана эмес, єзїбїздїн кийинки урпактарыбызга да єєн кєрїнїшї мїмкїн. Орунсуз-жєнсїз жєрєлгєлєр кийинки урпактарыбызга мурас болуп калбашы керек.

Жийде

Абдымамытова

--

Айыл Деми АГОЦА

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...