Акыркы макалалар

Сейсмолог:Түштүктөгү жер титирөө бул фазадагы акыркы болду

Сейсмолог:Түштүктөгү жер титирөө бул фазадагы акыркы болду

Ош областында болгон жер титирөө бул сейсмикалык фазадагы акыркы жер титирөө болду. Сейсмологдор жакын арада бул аймакта кайталана турган активдүү фаза болбой турганын эскертишти. Бул тууралуу "ВБ"га КРдин Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун прогноздоо бөлүмүнүн башчысы Эрнест Мамыров билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда жер силкинүүнүн кийинки активдүү фазасы 2017-2018-жылдарда күтүлөт. Өлкөнүн түштүгүндөгү алкак, тактап айтканда Гиссар-Көкшал тоо жаракасы жайгашкан район кыймылдуу аймак болугу күтүлүүдө, бул жараканын аймагы сейсмикалык жактан эң кыймылдуу болуп эсептелет.

"Кыргызстан эки плитанын -Индия жана Евразиянын плитасынын кошулган жеринде жайгашкан, жаракасы бар аймакта дайыма жер титирөөлөр болуп турат",-деп түшүндүрдү Мамытов.

Бул аймактардагы болуп калышы мүмкүн делип эсептелген зилзаланын күчү 9 баллга, ал эми өлкөнүн түндүк жагында 6-7 баллга жетиши ыктымал.

Мамыров Кыргызстандын рельефин эске алганда жер титирөөлөр жер көчкү, суулардын нугунан ашуусу менен коштолушу ыктымал. Ал кыргызстандыктарды техникалык коопсуздук талаптарын сактоого жана жер титирөө болгон маалда колдонула турган коопсуздук эрежелерин үйрөнүүгө чакырып өттү.

"ВБ" Кыргызстандын аймагында ноябрь айында болгон жер титирөөнүн картасын түздү.

Түп нускага шилтеме : kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...