Акыркы макалалар

Гүлнара Качаганова, модельер: “Кесибиңди сүйсөң, кемчиликтерин байкабай каласың”

Гүлнара Качаганова, модельер: “Кесибиңди сүйсөң, кемчиликтерин байкабай каласың”

Гүлнара Качаганова – кийиз боюнча белгилүү чебер. Ал өзүнүн жумуштарын жарыялабайт. Бирок, анын эмгектери – жеке этникалык коллекциялардагы өзгөчө экспонаттар, мисалы актриса Ума Турман, Чулпан Хаматова, белгилүү италиялык режиссёр Тони Гуэрро. Буюмдары белгилүү кыргыз режиссёру Нурбек Эгендин “Бабалардын сандыгы” тасмасында колдонулган. Гүлнара айым бул тармакта 16 жылдан бери эмгектенип, кардарларын жөнөкөй элитадан баштап белгилүү инсандар түзөт. Биз эженин жумушу менен жакында эле болгон “Мода чебери - 2015” фестивалында таанышып, эмгектерине суктанып, өзүн кепке тарттык.

--Гүлнара эже, канча жашыңызда колуңузга ийне кармап, кийим тигип баштадыңыз эле?

--Кичинекей кезимен кийим тиккенге кызыгып, чийден куурчактарды жасап алып, аларга өзүм ойлоп таап ар кандай кийимдерди тигип кийгизип чыкчумун. Азыр ойлосом ошондо эле бул нерсеге жан дүйнөм жакын болчу экен. Тилекке каршы, кийин турмуш шарты менен окуп, жогорку билимдүү болуп, бул кызыгуума баш отум менен кирише алган жокмун. Мектепти бүткөндөн кийин Россиядан педагогикалык билим алып, турмуш куруп отуруп, кол өнөрчүлүккө толук киришкениме 16 жыл гана болду.

--Тажрыйбаңыз кандай экени иштериңизден байкалып турат. Жүндөн кийимдерди тигүүгө кандайча кызыгып калдыңыз?

--Кол өнөрчүлүк бул кыргыздын канында бар деп ишенем. Анткени, ууз колдуу апаларыбыздын жолун жолдоп, кыргыздын каада-салттарын сактап, салым кошуп жогорку чеберчилик менен улуттук буюмдарды жаратып келаткан кыргыздын кол өнөрчү кыздарды четтен саналат. Менин таенем дагы иштүү адам болгон. Кичинекей кезибизде каникул сайын жайында балалыгым өткөн Нарындын Тянь-Шань өрөөнүндөгү Чырпыкты, Арчалуу деген жайлоосуна чыкканда таенем боз үйдүн жасалгасын жомоктогудай жасачу. Жүн сабап, кайра тытып, андан кийиз жасачубуз. Ошондо эле жүндөн жасалып жаткан буюмдарга абдан кызыгып калчумун. Кээде боз үйдө жатып алып түндүктү карап, кийин карыганда мен дагы таенемдей ишмердик кылам дечүмүн. Бир чети, карылыкты күтпөй, кесибим мугалим экенине карабай, кол өнөрчүлүк менен алек болуп калдым.

--Сиздин кызматыңызга кайрылган белгилүү кардарларыңыз тууралуу да угуп жүрөм?

--Көп жылдар бою Москва шаарында эмгектенип келдим. Ал жакта башынан эле бул өнөргө кызыгып, баалашат. Мен дагы Москвада дал ушул кол эмгегим менен эмгектендим, үзүрүн көрдүм. Эл тааныган кардарларым тууралуу айтсам: россиялык актриса Чулпан Хаматова, италиялык сценарист, художник, режиссёр Тонино Гуэрро, легендарлуу хоккейчи Сергей Макаровдордун жеке заказын жана ошондой эле Татарстандын мурунку президенти Минтемир Шаймиевге боз үй койгом. Ал эми биздин жылдыздардан Жылдыз Осмоналиева.

--Айымдар менен кыздар көбүнчө эмне заказ кылышат?

--Чынында негизги кардарлар болуп дал ушул кыз-келиндер эсептелишет эмеспи. Биз айымдар кооз, көрктүү нерселерге табиятыбыздан жакын болгондуктан биринчи кезекте эле көйнөк буйрутма кылып көп кайрылышат. Баягыда мени менен бир институтта бизден кийинки курста окуган кызга кокусунан жолугуп калсам көйнөк сурап: “Мага көк көйнөк тигип бергенсиң, ошол көйнөктү кийип турмушка кеткем, ак жолтой көйнөк болгон”, - деп айтса, ичип жылып калды. Биздин көйнөктөр башкалардан өзгөчөлөнүп тургандыктан дайыма жакшылыктарда, салтанаттарда, кечелерде кийүү үчүн буйрутма кылышат. Өз кезегинде биз дагы абдан кылдаттык менен жасап, ар бир кардар ыраазы болгондой шартты түзгөнгө аракет кылабыз.

--Кийиз же жүн кийимдери боюнча жаңы мода, жаңы тенденциялар барбы, мисалы, бул сезондо кайсы түс, кандай кимдер модада?

--Мода деп мен жарашыктуу, адамдын ажарын ачкан кийимдерди түшүнөм. Ал эми актуалдуу деп ошол түстөгү кийимди жарашыксыз кийип алса, ал мода эмес. Ар бир айым менен мырза сырткы келбетинин көркүн чыгарып, өзүн ал кийимде ыңгайлуу сезе тургандай кийинүүсү кажет. Кандай кездемеден тигилген кийим болбосун, ал адамдын кемчиликтерин бекитип, көркүн гана чыгарып турушу кажет. Бизде деле ошондой, атайын бир түскө басым жасабайбыз, жарашыктуу жана улуттук, заманбап стилдеги кийимдерди, кийиз буюмдарын жасаганга аракет кылабыз. Ал эми жеке кардарга өзүнө жарашыктуу түс тандайбыз.

--Кездемелерди кантип даярдайсыздар?

-- Кездемелерди өзүбүз кол менен жүн жана жибектен жасайбыз. Кийимдерибиздин тигиштери жок. Меринос жүнү менен жибекти аралаштырып, кийимдерди тигебиз.

--Боёкторун кантип бересиздер?

--Боёк берүү өтө кылдат мамилени талап кылат. Себеби, кичинекей эле жүн туура эмес салынып калса, баары бузулуп калат. Негизи жүн менен көп эле чеберлер алектенип жүрүшөт. Бирок, биздин кийимдердин эч кимдикине окшобогонуна, кездемелердин назиктигине, жукалыгына, сапаттуулугуна суктанышат. Көпчүлүк таңыркап, “жүндөн да ушунча заманбап кийимдерди жасаса болобу” деп жактырышат.

--Жакында эле жергиликтүү көргөзмөдөн эмгектериңиз менен тааныштым. Эл аралык көргөзмөлөргө да чыгып жүрөсүзбү?

--Албетте, чыгып жүрөбүз. 2007-жылы Монголияда өткөн “Жогорку моданын жумасы”, Москвадагы этно фестивалына, Кремлдик сарайда өткөн “ПУЛЬС ПЛАНЕТЫ” деген фестиваль жана башка көптөгөн көргөзмөлөргө катышып келем.

--Алдыда кандай пландарыңыз бар? Атайын кесиптик кыялыңыз барбы?

--Азыр буйруса, Алматы шаары менен иштешкени жатам. Жана да көптөгөн иштерди ишке ашыруу максатыбыз бар. Атайын өзүбүздүн ательебизди ачып жаткандыктан жаратканыбыз жар болсо, жакшылыктардын баары алдыда деп ишенем. Азыр жардамчы кызым Гүлмира Суранова мага бухгалтер, менеджер болуп чоң жардам кылып атат.

--Кесибиңиздин артыкчылыктары менен кемчиликтерин айтсаңыз?

--Мага жасап жаткан ишим абдан жагат. Жумушка келе жатканда майрамга бара жаткандай эле болом. Ал эми жасаган нерсең кардарыңа жакса, анда такыр эле сүйүнүп каласың. Ар бир адам жүрөгүнө жаккан, жасаган ишинен рахат ала турган нерсе менен алектениши керек. Ал эми жумушуң өзүңө жагып турса, кесибиңди сүйсөң, кемчиликтерин байкабай каласың, жыйынтыгын да байкайсың.

Кайыргүл Молдалиева

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...