Акыркы макалалар

4 миллионунчу кыргызстандык жаран Каныкей Гаипова кандай жашап жатат?

4 миллионунчу кыргызстандык жаран Каныкей Гаипова кандай жашап жатат?

Кыргызстандын 4 милионунчу жараны Каныкей Гаипова 1985-жылдын 27-майында Кара-Суу районун Савай айылында төрөлгөн. 30 жаштагы каарманыбыздын учурда 3 кызы бар. Турмуш шарты орточо. Жолдошу менен жашагандан берки 10 жыл аралыгында өздөрүнүн менчик үй салууга алдары келген эмес. Ошондуктан ата-энесиникинде турушат.

Ал төрөлгөндө үй жана автоунаа берилээри айтылган. Андан бери 30 жыл өтсө да, бул убадалар аткарылган эмес. 2002-жылы кыргызстандын 5 миллиончу жараны дүйнөгө келгенде гана ага да журналисттердин жардамы менен 6 сотых жер тилкеси тийген. Ошондой эле Ош шаарындагы медициналык колледжде бюджеттик негизде окууга кирген. Бирок ушул убакка чейин Каникейге Өкмөттөн эч бир көңүл бурулбай келет.

Каныкей Гайипованы жарык дүйнөгө алып келген Турдукан Солтоева кызынын 4 миллиончу жаран болуп төрөлгөнүн укканда абдан сүйүнгөн. Анткени колу жука үй-бүлө болушкандыктан жардамдар көрүлөт деп үмүттөнуп отурган. Бирок көптөгөн тоскоолуктар болгон.

“Ошондо менин кызым 4 миллионунчу болгон экен, бир коляска менен жоктоп койсо болот эле”,-деп көзү жашылданды.

Савай айыл өкмөтүндө иштеген Жапарбек Токсонбаевдин билдиришинче, Каникей Гаиповага жардамдар берилип келет. Ага 1985-жылы эле жер тилкеси берилгенин айтат.

Бирок Каникей жер тилке ал жылы берилбегенин, кийин 2002-жылы берилгенин билдирет. Анын үй-бүлөөсү социалдык жактан аз камсыз болгондуктан, ага бөлүнгөн 6 сотых жерди муктаждыктан сатып жибергенге аргасыз болушкан.

Учурда Каныкей Гаипованын жолдошу Алтын Казакбаев жер тилкесин алууга Жоош айыл өкмөтүнө кайрылган.Бирок жубайына берилген деген шылтоо менен ага берилбей келет.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...