Акыркы макалалар

"Параграф". КалейдосКЕП


Улугбек ОРМОНОВ,

Коомдук ишмер:

- «Экономикалык программаларын даярдагыча өкмөт кулабаса экен деп тилеп туралы».

КалейдосКЕП:

- Сөзүңүздө калет жок. Бала деле тогуз ай курсакта жатат турбайбы. Ушул мөнөттү да өкмөткө ыраа көрүшпөй, кыргыз элинин деле орун алмашуудан көңүлү көк талкандай калды окшойт.

Акылбек ЖАПАРОВ,

Экс-министр:

- “Койлорго паспорт берүү менин шедеврим экендиги тастыкталды”.

КалейдосКЕП:

- “Эшегине жараша тушагы”.

Бекболот ТАЛГАРБЕКОВ,

Акаевдик айыл чарба министри:

- “Камчыбек Ташиевди камоо менен Атамбаев кыргыз элине согуш жарыялады, граждандык согуш жарыялады».

КалейдосКЕП:

- Колхоз-совхоздорду жоюп Акаев-Талгарбеков кыргыз элине согуш жарыялады, граждандык согуш жарыялады. Жыйынтыгы: Акаев кыргыз элинен жеңилип качты,Талгарбековдун кавказдыктай калың тумшугун балта кеспей эле жүрөт. Эл тытып жейли десе, элдин каргышынан тумшугу эле калып, арыктап бүтүптүр.

Кенжебек БОКОЕВ,

ЖК депутаты:

- “Колуңдан келсе каматып сал”.

КалейдосКЕП:

- Кой Кенжеке, бир ачууңузду бериңиз, азыр депутатты каматып коюш деле көз ачып жумгуча иш эмеспи. Бөтөнчө “карышкыр” саясатчылар депутат эмес премьер-министрди “эки чайнап, бир жутуп” коюшат.

Азамат АРАПБАЕВ,

ЖК депутаты:

- “Эч качан идеалдуу бийлик, идеалдуу парламент, идеалдуу өкмөт болбойт”

КалейдосКЕП:

- Боло берет турмушта, “особенно” кыргызда.

Мамытбай САЛЫМБЕКОВ,

ЖК депутаты:

- “Акча сурап кайрылгандарды Аскарга жөнөтө берем”.

КалейдосКЕП:

- “Атадан алтоо туулса да, ар кыялы өзүндө»-дегендей, атадан таштырмак да, колу ачык да уул туулат турбайбы.

Султанбек МАКАШОВ,

«Кыял» бирикмесинин жетекчиси:

- «Биздин усталар жасаган ээр токумду, ат жабдыктарын коңшу элдин ажолоруна белекке тартуулагандан уялган эмеспиз».

КалейдосКЕП:

- Анын эмнеси уят Султанбек мырза, мына уят деп кашка башын коңшу элдин ажосунун кашыгына барабан кылып тосуп бергенди айтыш керек.

Фарид НИЯЗОВ,

Президенттин кеңешчиси:

- “Биздин идеологиябыз күчтүү, булар ич күйдүүлүк кылышууда, а президент таза,уурдабайт...”

КалейдосКЕП:

- Эки президент талап-тоноп кеткен өлкөнүн таза эмес, кир президент болсо да эмнесин уурдамак эле. Бирок Фарид мырза кимдин идеологиясы күчтүү деп атканы түшүнүксүз, мамлекеттикиби, же КСДПныкыбы?

Саламат САДЫКОВА,

Эл ырчысы:

- «Ушул саясатчылардан кирдеп да, чарчап да бүттүм».

КалейдосКЕП:

- Ооба, «Акаевдин булбулу» аталган Саламат айым үчүн Акаевдик заман тазалыктын эталону болуп калган. Азыркы бийлик аны саунага алып барбаса кирдейт да, ырдаган сайын Аскар акесиндей чөнтөгүнө доллар салып турбаса чарчайт да.

«КалейдосКЕПте» калжыңдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...