Акыркы макалалар

“Ислам мамлекети” террордук уюму Борбордук Азияда “Хорасан” халифатын түзүүнү көздөөдө

“Ислам мамлекети” террордук уюму Борбордук Азияда “Хорасан” халифатын түзүүнү көздөөдө

КР Коргоо кеңешинин изилдөөсү боюнча “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюмдун, Борбордук Азия чөлкөмүн дагы басып алып “Хорасан” деген халифат түзүү максаты бар. Албетте, бул көз караштан караганда жеке Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Борбордук Азия коркунуч алдында турат десек болот. Баса белгилей кетчү нерсе бул жагдай менен күрөшүүдө коомчулуктун да ролу күчтүү.

Бүгүнкү "Кабар даамында" программасында Париждеги терракттан кийин Кыргызстанда да коопсуздукту күчөтүү маселеси козголду. Ушул маселенин алкагында КР Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Курмангазиевич менен маектештик.

Париждеги терракт окуялардан кийин Кыргызстанда да коопсуздукту күчөтүү маселеси козголду. Коопсуздуктун алдын алуу үчүн кандай чараларды көрүп жатасыздар?

Биринчиден транспорттук борбор болгон "Манас" аэропорту жана башка аэропорттордо коопсуздук күчөтүлдү. Андан тышкары коопсуздукту камсыз кылуунун жолдорун издеп, иш-чаралар иштелип чыкты. Ошондой эле, темир жол транспортунда да коопсуздук каралды. КР Коргоо кеңеши, Өкмөт башчы тарабынан да чек аранын коопсуздугу боюнча чара көрүлүүдө. Стратегиялык объектилердин да коопсуздугун камсыз кылуу колго алынды. Бул иштер дайыма алып барылган, акыркы окуялардан кийин дагы күчтөндүрүлдү.

Учурда биздин жарандар чет жактагы согуштук конфликттерге аралашып кетишүүдө. Бул боюнча тийиштүү укук коргоо органдары терең анализдеп, алдын алуу иш-чараларын көрүшкөн. Негизи Коргоо кеңешинин катчылыгынын бир багыты коопсуздук маселесин изилдеп, алдын-ала кадамдарга баруу болуп эсептелет. Буга жетүү үчүн биз азыркыдай кырдаал түзүлөөрүн сезип, сентябрь айынын башында Коргоо кеңешинин атайын отурумун өткөрдүк. Жабык түрдө чечимдер кабыл алынып, иштер жүзөгө аша баштады.

Көбүнчө кайсы аймактарда жана кандай жерлерде көзөмөл күчөтүлдү?

Экстремизмге каршы күрөшүүдө бир эле аймакты бөлүп айтуу кыйын. Ошондой болсо да коомчулукта болуп жаткан көрүнүштөрдү карап, Ош, Жалал-Абад аймактарына көбүрөөк көңүл бурууга туура келип жатат. Себеби ушул аймактарда диндин радикалдашып кетүүсү байкалып келет. Баткен облусунда да чек ара боюнча маселе бар. Чек аранын айрым тилкемдери аныктала элек. Бул дагы терроризм-экстремизмге шарт түзүп бериши мүмкүн. Андан сырткары чек араны кайтаруунун тийиштүү түрлөрүн күчтөнтүп жатабыз.

Учурда коомчулук кооптоно турган жагдайлар барбы?

20-кылымда конфликттердин түрү өлкөлөрдүн ортосунда болуп келсе, бүгүнкү күнү өлкө менен формалдуу эмес куралдуу топтордун күрөшүүсү күчөдү. Бул жагдай чыр-чатактарга болгон тактикалык көз карашты өзгөртүүгө муктаж кылып жатат. Анткени формалдуу эмес куралдуу топтордун өзүнүн өзгөчөлүгү бар, алар так белгиленген бир аймакта жайгашпайт, кандайдыр бир так көрсөтүлгөн түзүмү да, түптүү стратегиясы да жок. Тармактык (сетевой) тактика менен өз ишин жылдырганга аракет кылышууда.

Мисалы, “Ислам мамлекети” террордук уюму дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун, мен ошол топтун оюн, максатын колдойм, салымымды кошом деп ушундай терс жолдорго барып жатышат. Ал уюмдун башчысына тиешеси жок болсо да, топтун идеясын жактырып колдоп жатышат. Ошондуктан келчекте конфликтологияга, аскердик тактикалык иш алып баруудагы көз карашка бир топ жаңылыктарды киргизет.

Коргоо кеңешинин изилдөөсү боюнча “Ислам мамлекети” деп аталган уюмдун Борбордук Азия чөлкөмүн дагы басып алып “Хорасан” деген халифат түзүү максаты бар. Албетте, бул көз караштан караганда жеке Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Борбордук Азия коркунуч алдында турат десек болот. Баса белгилей кетчү нерсе бул жагдай менен күрөшүүдө коомчулуктун да ролу күчтүү.

“Ислам мамлекети” уюмунан тышкары кооптонуу жаратуучу фактор - Ооганстандагы болуп жаткан окуялар. Мисалы, жакын арада эле Ооганстандын түндүк тарабындагы Кундуз шаарын талип уюму басып алып, аны кайра бошотконго мажбур болушту. Андан сырткары Ооганстанда да “Ислам мамлекети” уюмунун жактоочулары пайда боло баштады. Бүгүнкү күнү “Талибан” кыймылы менен аталган уюмдун ортосунда чыр-чатак болуп жатат. Келечекте чоң кагылыш чыгып кетсе Кыргызстанга да түздөн-түз коркунуч алып келет.

Кыргызстанда укук коргоо органдарынын экстремизм-терроризм боюнча иш алып баруусунда мыйзамдык түрдө тоскоолдуктар көп. Муну Коргоо кеңешинин деңгээлинде көтөрүп чыкса кандай болот? Сот системасын реформасы качан натыйжа берет?

Укук коргоо органдарынын экстремизм-терроризмге каршы күрөшүүсүндө мыйзам деңгээлинде бир топ тосткоолдуктар бар дегени чындыкка жакын баамдоо. Сентябрь айында өткөн Коргоо кеңешининин отурумунда бул маселе каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынган. Өкмөт тараптан жана тиешелүү органдар тарабынан мыйзамга өзгөртүүлөрдүн долбоору иштелип жатат. Албетте Коргоо кеңешинде кабыл алынган чечимдер жетишсиз болсо андан ары изилдеп, иш алып барууга даярбыз.

КР Президенти Коргоо кеңешинин катчылыгына укук коргоо органдарын реформалоо боюнча чоң тапшырма берген. Бул көп тармакты камтыган абдан чоң жумуш. Анын концепциясын иштеп чыгуу коомчулук менен чогуу каралат. Реформанын бир бөлүгү катары терроризм-экстремизмге эффективдүү күрөшүү максаты эсептелет.

Сот системасы боюнча айтсак, акыркы жылдары бул жаатта реформа жүрүп жатат, бирок бир топ кемчиликтер, кечигүүлөр бар. Президенттин тапшырмасы менен ал иштерди тереңдетүү, аягына чыгаруу керек.

Президент Алмазбек Шаршенович ачык түрдө Орусиянын Сирияга болгон чабуулун туура деп Орусияны колдоду. Бул “Ислам мамлекети” террордук уюмун кыжырлантпайбы?

Кандай гана террор болбосун, эгер террорчулукка эффективдүү механизм болсо, албетте биз тынчтыкты каалаган өлкө катары аны колдойбуз. “Ислам малекети” же дагы башка уюмдар туура эмес түшүнүп калат, же көз карашы өзгөрөт десек, коркуп отура беребиз. Ошондуктан бул жерде чечкиндүү кадамдар керек.

Сирияга тартылып жаткан кыргызстандыктар Кыргызстанга коркунучтарды алып келбейби? Ошондой эле булар Сириядан кайтып келгенде атайын көзөмөлдө болобу?

Бүгүнкү күнү кыргыз жарандары Сирияга чыгып кетип жатышат. Алардын толук каттоосун алып, кайра келгендерин да көзөмөлгө алыш керек. Кайра келгенде кайсы бир террордук уюмга катышып, элди үгүттөсө укуктук баа берүүгө мыйзам жол берет.

Азыркы тапта кыргызстандык 500 гө жакын жаран Сирияда жүрөт. Анын 60ка жакыны кайтыш болду деген маалыматтар бар. Дагы бир тобу террорчулук уюмдарга катышып, иш-аракеттерге барды деген айып менен соттолду.

Сирияга кыргыз жарандары жеке эле Кыргызстандын аймагынан эмес коңшу мамлекеттерден да кетип жатышат. Кыргызстандан кетип жаткан жарандарды иликтеп иш алып баруудабыз. Бул иш-аракеттин алкагында жарандарды Кыргызстандан Сирияга жөнөтүп жаткан 4 туруктуу канал жабылды. Бул иштерди ким уюштуруп, кандай жол менен үгүттөп жатканы аныкталды. Башка каналдарды да жабууга аракеттер көрүлүп жатат.

Ал эми коңшу мамлекеттерден кеткен кыргыз жарандары боюнча биргелешкен иш-аракеттер жүрүүдө. Жакын арада жемишин берет.

Негизи биздин баамыбызда Сирияга кеткен жарандар ошол жакта калабыз деген ой менен кетишет. Ал жаткан эле кайра жиберишпесе көпчүлүгү кайра келишпейт. Кайра келгендерин өлкөгө киргизбей коюу үчүн Конституцияны өзгөртүү керек болот. Башка жолдорун карап жатабыз, бирок чукул арада чечим чыгара албайбыз.

Автор: Бахар Хакимова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...