Акыркы макалалар

Курулуш компаниясынын президенти И. Ташов: “Айыл жеринде каражаттын жетишсиздигинен талапка жооп бербеген үйлөр курулууда”

Курулуш компаниясынын президенти И. Ташов: “Айыл жеринде каражаттын жетишсиздигинен талапка жооп бербеген үйлөр курулууда”

Республикабыздын айыл жерлеринде жашаган жарандар акчанын тартыштыгынан улам сейсмикалык талаптарга жооп бербеген үйлөр курулууда. Бир чети айрым учурда үй салгандар өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна кайдыгер мамиле жасашкандыктан улам да эч кандай арматура же жыгачтарды бири-бирине аштабай туруп жалаң ылайдан сокмо менен үйлөрдү салып алышууда. Элетте сапатсыз үйлөрдүн көп болуп жатышынын дагы бир себеби – курулуш талаптарынын сакталбагандыгынан тышкары адистер салбай, ар кандай бул тармакка тиешеси жок адамдарды жалдап иштетүүдөн да болуп саналат. Мындай архитектуралык талаптарга жооп бербеген туракжайлар ашып кетсе 4-5 балл жер титирөөгө туруштук берип, жердин силикинүүсү андан ашкан учурда дубалынан же жерпайынан жарака кетиши мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине KG Групп курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташов билдирди.

“Айыл жеринде сейсмикалык талаптарга жооп бербеген үйлөрдүн көп салынып жатышынын негизги себеби – акча каражатынын тартыштыгы болуп саналат. Анткени көпчүлүк жарандардын жерпайды бетон менен куюп, арматураларды бири-бирине ширетип, кыш менен үй салууга чамасы келбейт. Кээде жыгачтын жоктугунан да дубалды ылай менен тургузуудан мурда жок дегенде тактайларды аштаган ыкма колдонулбайт. Анын кесепети кандай болгондугун былтыр Ысык-Көл жана быйыл Ош облусунда күчү жети баллга чейин жеткен жер титирөөдөн көрдүк. Бирок табият кырсыгы айттырбай келгендей эле мындан ары сапатсыз үйлөрдү курууга жол берилбеш керек. Болгондо да курулуш иштери атайын адистери бар ишканалар тарабынан жүргүзүлүүсү тийиш. Эгер суроо-талап болсо, биз республикабыздын айыл жерлеринде да жарандардын жеке туракжайынан тартып, социалдык объекттерге чейин курууга даярбыз”,- деди ал.

Жакында Ош облусунун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөдөн бузулган үйлөр тууралуу КРнын премьер-министри Темир Сариев алардын эч кандай курулуш нормалары сакталбай, жерпайы таш, дубалы ылайдан эле курулгандыктан улам жабыркагандыгын айткан болчу. Өкмөт башчы мындан ары мамлекеттик тийиштүү органдар жеке жарандардын туракжайынын сапатын текшерип, туракжай менен автомашиналар милдеттүү түрдө камсыздандырарыларын да кошумчалаган болчу.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...