Акыркы макалалар

Олланддын пикири боюнча, Түркия менен Сириянын чек арасын толугу менен жабуу керек

Экстремисстердин Европага өтүп келүүсүн алдын алуу үчүн Түркия менен Сириянын чек арасын толугу менен жабуу керек. Мындай пикирин Франциянын президенти Франсуа Олланд АКШ президенти Барак Обама менен болгон сүйлөшүүлөрүнөн кийин билдирди. Бул тууралуу ИТАР-ТАСС жазып чыкты.

«Бир дагы террорист Европага өтүп келип, террордук актыларды уюштуруп жибербеши үчүн Сирия- Түркия чек арасын тез арада жабуу керек», - деди Олланд.

Франциянын лидери Европа өлкөлөрү үчүн чыныгы баш ооруга айланган мигранттардын маселесин да белгилеп өттү.

«Бүгүнкү күндөгү Сириядагы каатчылык Европаны да тартып жатат. Европалыктар үчүн тобокелчиликтер жогору экендигин белгилөөгө аргасыз болдук. Бул максатта сириялык каатчылыктан чыгуунун жолдорун табышыбыз керек», - деп сөзүн аяктады В. Олланд.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...