Акыркы макалалар

Дарыгер Кайыргүл Жоошбекова:“Аз кыймылдуулуктан улам кант диабети менен жабыркагандар көбөйүүдө”

Дарыгер Кайыргүл Жоошбекова:“Аз кыймылдуулуктан улам кант диабети менен жабыркагандар көбөйүүдө”

Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык Эндокринологиялык диспансердин эндокринолог-дарыгери Кайыргүл Жоошбекова билдирди.

“Бүгүнкү күндө өлкөбүздө кант диабети менен жабыркагандардын саны өсүп жатат. Бул көрүнүш бүткүл дүйнөдө бирдей байкалууда. Бул оорунун кабылдоолорунан жүрөк кан-тамыр ооруларынан инвалидизация, өлүм да көбөйүүдө. Анын башкы себептеринин бири жашоодогу аз кыймылдуулук, ашыкча салмактуулук, стресс, туура эмес тамактануу, кан басымдын жогору болушу, жаш курагы 45 жаштан жогору адамдар, тукум куучулук, жүрөк кан-тамыр оорулары саналат. Статистикага таянсак 2010-жылы каттоодо тургандарын саны 28 миң адамдын тегерегинде болсо, 2014-жылы каттоодо тургандардын саны 48 миң кишиге жеткен. Демек, жылдан жылга бул дарт менен жабыркагандар көбөйүп жатат деп айтууга болот. Мындан тышкары бизге кайрылбай, каттоого турбай, өзүнүн оорусу жөнүндө билбей жүргөндөрдүн саны болжол менен 170 миңге чукул”,-деп айтты К. Жоошбекова.

“Бул дартты алдын алуу ар бир жарандын колунда. Азыр сергек жашоо менен алектенгендер аз. Эгерде бул дарттан алыс болобуз десек, ар бирибиз сергек жашоо менен алектенишибиз керек. Спорт менен машыгып, көбүрөөк кыймылдашыбыз керек. Жогорудагы коркунуч факторлору бар адамдар алдын ала аныктоо үчүн, бир жылда бир жолу канындагы канттын денгээлин Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо дарыгедин жолдомосу менен бекер анализ тапшырып, текшерүүдөн өтүп турушу абзел”,-деп кошумчалады адис.

“Кант диабетинин пайда болушун адам суусап, жаракат кеч айыгып, арыктап, буттар чымырап, көздүн көрүүсү начарлап баштаганда байкаса болот. Бирок бул белгилер баардыгында эле боло бербейт. Мына ушул учурда адам өзүндө коркунуч факторлорунун пайда боло баштаганын сезе баштаса дароо кан тапшырып, дарыгерге кайрылуусу зарыл. Бирок тилекке каршы, бүгүнкү күндө өздөрүнө кайдыгер карап, каттоого турбай жүргөдөрдүн саны көп”,-деп жыйынтыктады өз сөзүн К.Жоошбекова.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...