Акыркы макалалар

Түркия - Сирия чек арасында орус учагы кыйрады

Түркия - Сирия чек арасында орус учагы кыйрады

Түркиянын Сирия менен чектешкен тилкесинде кайсы өлкөгө таандык экени көрсөтүлбөгөн аскер учагы пайда болуп, ал бир нече убакыттан соң Түркиянын аба мейкиндигин бузуп өткөн.

Түркиянын аба мейкиндигин көзөмөлдөгөн аскер аба күчтөрү чек араны бузуп өткөн аскер учагына эки ирет эскертүү берген. Бирок учак эскертүүгө көңүл бурбастан, чек араны бузуп келе берген соң Түркиянын аскер аба күчтөрүнө таандык F16 истребители учакты атып түшүрдү. Учак Сириянын чек арага жакын аймагына кулап, андагы эки учкуч парашют менен секирип кетүүгө үлгүргөн.

Көп өтпөй Орусиянын Коргоо министрлиги Сирияда Су-24 учагы кыйроого кабылганын ырастаганын орус медиасы жазып чыкты. Секирип кетүүгө үлгүргөн эки учкучтун кийинки тагдыры азырынча белгисиз экени айтылууда. Түркиялык медиа булактары парашют менен жерге түшкөн эки учкучту чек арадагы жергиликтүү түркмөн уруулары таап, кармашканы тууралуу маалымат бар экенин жазып чыгышты.

Окуя болгон жерден маалымат берип жаткан түрк кабарчысы Мурат Караташ чек ара тилкесиндеги учурдагы жагдай туурасында буларга токтолду:

- Азыркы учурда чек арада абал тынч. Бирок белгисиз учактын чукулунан эле Сириянын аймагынан Түркиянын чек арасына кирип келгени жана эскертүүгө карабастан өлкөнүн аба мейкиндигин бузганы кооптуу жагдай катары каралууда. Мында эки өлкө кошуна болгондуктан Сирия менен Түркиянын аба мейкиндиги өтө жакын жайгашкан. Ошондуктан алардын ортосун аз эле аралык бөлүп турат. Бирок ошол учактын Түркиянын аба мейкиндигин бузуп өткөнү реакцияны текшергиси келген атайын жасалган чагым болушу мүмкүн деген да божомол бар.

Орусия маалыматты төгүндөдү

Орусиялык медиа Коргоо министрлигине шилтеме берип, Су-24 истребители Сириянын аймагында алты миң метр бийиктикте учуп баратканын жана анын Түркиянын аба мейкиндигин бузбаганын жазып чыкты.

Ошол эле кезде Орусиянын Коргоо министрлиги Сириядагы орусиялык авиатопко кирген Су-24 истребители Сириянын аймагынын үстүнөн гана учуп баратканын ырастай турган көзөмөлдөө каражаттары бар экенин жарыялаган. Ошентип Орусия өзүнүн аскер учагы Түркиянын аба мейкиндигин бузганы тууралуу маалыматты төгүндөп чыкты.

Мындан сырткары Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип маалымат тараткан агенттиктер Су24-истребители түрк медиасы жазгандай, F16 истребители менен абадан эмес, жерден атып түшүрүлгөнү туурасында маалымат таратышууда.

Түркиянын аскерий жетекчилиги Орусиянын учактары буга чейин бир нече жолу анын аба мейкиндигин бузуп өткөнүнө даттанып келген болчу. Түркиянын өкмөт башчысы учактын атып түшүрүлүшү боюнча НАТО жана БУУнун өкүлдөрү менен кеңешме жүргүзүүнү тышкы иштер министрине тапшырды. Жакын арада НАТО жетекчилигинин бул окуяга байланыштуу билдирүүсү жарыяланары күтүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...