Акыркы макалалар

Темир очоктогу таш көмүр

Темир очоктогу таш көмүр

Кычыраган кышты Бишкектин батиринде өткөргөн адамдын көмүр менен деле иши жок. Бирок, үй жылытууда эң көп колдонулган көмүр кени электркубаты менен атаандашканы атаандашкан. Бүгүнкү саныбызда көмүр жагылган мештерин караштыралы дедик

Таш көмүрдүн түрлөрү

Кылымдардан бери көмүр отуну негизги жылытуучу каражат катары колдонулуп келгендиктен, учурда анын өнүмү күндөн-күнгө жогорулап, жаңы кен жатактары табылып, карьерлердин, шахталардын курулуусу күч алып барат. Маселен, учурда дүйнө жүзү боюнча жылына 2,5 млрд. тонна көмүр казылып алынат. Бул ар бир адамга 700 кг туура келет дегенди билдирет. Өнүккөн өлкөлөр аталган байлыкты металлургиялык өндүрүмгө кокс катары, же жылуулук электр станцияларында электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн иштетип келишсе, акыркы тапта, аны колдонуунун дагы башка жаңы түрлөрү пайда болду. Маселен көмүрдөн кремний, озокерит, пластмасс жана сейрек кездешүүчү германия, галия таштары өндүрүлүүдө.

Анткени менен Кыргызстандын да көмүр казуу жаатында уучу кур эмес. Башкалардан кем калышпай, биздин өлкөнүн жарандары да жылына 2 млн. тоннага жакын кара алтын керектейт. Айта кетсек, өлкөбүздө Сүлүктү, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя жана Кара-Кече деп аталган бир нече ири көмүр кендери бар. Серепчилер Кара-Кече көмүр кенинде жылына 6 млн. тоннага чейин көмүр казса болорун айтышкан.

Бирок, мунун баары эле көмүр деп атала бергени менен, адистер аны жалпысынан 3 классификацияга бөлүп карашат. Күрөң, таш жана антрацит деп аталган үч түрдүү көмүрдүн ичинен бизде антрацит менен таш көмүрү кеңири колдонулат. Эксперттер көмүрдү тандоодо алгач эле анын таза бышканына көңүл бөлүү керек экенин айтат. Таза бышкан көмүр кара кочкул түстө болуп, сындырганда чарт бөлүнөт. Ал эми чала бышканы көгүш тартып, оңой менен жарылбайт экен.

Жайында кургак болуп, салмак баспайт

Азыркы тапта Кара-Кеченин көмүрү менен Казакстандын Кара-Жыра көмүрүнө элдин суроо-талабы күч. Анткени аталган кендердин көмүрү берекелүү болуп, таптуу келет дешет.

Көмүр ташуу менен алектенген Ажыгул: “Көмүрдү керектөөчүлөр кар түшкөндө гана ала башташат. Бизде “кыштын камын жазда көр” деп айтылганы менен, көпчүлүк кыштын камын кар түшкөндө гана көрө баштайт. Качан кычыраган суук түшүп, кар уруп келгенде көмүргө болгон суроо-талап күч алат. Ошого жараша биз дагы суроо-талап күч алганда иштейбиз. Натыйжада, кээде жумалап кезекте туруп, күтүп калган күндөр да болот. Чынында, көмүрдү кышка жеткирбей эле алып койгон адам көп нерседен утат. Мисалы, суук түшкөндө жаан-чачын аралашып, нымдуулук көбөйүп дегендей көмүрдүн салмагына ого бетер салмак кошулат. Ошондуктан, жай мезгилинде эле алып, суу тийбеген жерге сактап койгон туура” – дейт.

Анткени менен эл арасында көмүрдү сактоонун да түйшүгү арбын. Себеби, көп сакталган көмүр өзүнөн-өзү өрттөнүп кетүүсү да мүмкүн. Өзгөчө күрөң көмүр нымдуулугун көпкө чейин сактай албайт. Кампада жаткан көмүр акырындап аба менен реакцияга учурай баштайт. Бул процесс көмүр сакталган кампанын жылуулугун арттырып, өзүнөн-өзү тутанып кетүүсүнө алып келет. Ошондуктан мындай көмүрдү узак мөөнөткө сактоонун кереги жок.

“Буржуйка” – эң өтүмдүү меш

Учурда базарлардан көмүр жакканга ыңгайлаштырылган мештин 50гө жакын түрүн табууга болот. Темирден, же кадимки эле эски газ баллондон жасалган мештер бар. Алардын баасы 1500дөн 8000 сомго чейин жетет.

Эл ичинде “Буржуйка” деп аталып калган бул меш батирде жашагандар үчүн өтө ылайыкташтырылган. Баасы 1500-3000 сом. Ал туруктуу турак жайы жок, көчүп-конуп жүргөн ички мигранттарыбызга да абдан ыңгайлуу. “Мешти бөлмөнүн каалаган бурчуна орнотуп, морун терезеден деле чыгарып койсо болот”, - дешет сатуучулар. Анткени менен бул жаш балдар үчүн өтө коркунучтуу. Себеби, ал ар кандай шартта, ар кандай абалда тургандыктан, оюнкараак балдардын этиятсыздыгынан көп зыян алып келиши мүмкүн.

“Албетте, бул жакырчылыктан улам замандын талабына жараша иштелип чыккан меш. Мындай мешти совет учурунда жайлоодо жашаган чабандар колдонуп келсе, бүгүн минтип шаарда, жада калса көп кабаттуу батирдин ичинде да колдонулуп атышат”, - дейт сатуучулар.

Бишкектин жаңы конуштарынын биринде батирде күн кечирип келген Калбү эже: “Азыр өзүңөр билгендей, светтин баасын да кымбаттатып салышпадыбы. Анан эл дагы электр кубатын болушунча үнөмдөөгө өттү. Мисалы, мен ушул меш менен үйүмдү да жылытам, оокат-ашымды да жасайм, чай дагы кайнатканга жетишем. Көмүрдү тонналап алганга шартым жок, бирок бир кап, эки кап кылып сатып келип күн кечирип келебиз. Эгер үнөмдүү колдонсок, эки кап көмүр бир жумага жетет.

Орус меши 2-орунда

Элге кеңири таралган кадимки орус мештин баасы болсо 7000 сом турат. Аны толугу менен орнотууга 10 миң сомго жакын акча каражат сарпталат. Меш жасап сатуу менен шугулданган Максат: “Бир чыгынып туруп сапаттуу меш орнотуп алган адам убакыттан да, каражаттан да утат. Орус мешти орнотуу технологиясы башка мештерге караганда татаалыраак. Анткени мештин сырты кыш менен капталып, андан чыккан түтүн дубалды аралап отуруп морго жетет эмеспи. Мындай ыкма менен орнотулган меш жылуулукту узакка сактап турат. Андан сырткары ал бери эле дегенде 10 жыл капиталдык оңдоп-түзөөнү талап кылбайт. Ошондуктан акчасынан качпай туруп сапаттуу, көп жылга туруштук бергидей меш орнотуу керек. Ал эми буржуйка сыяктуу мештерди кедейчиликтин айынан келип чыккан “утурумдук” меш десек болот”, - дейт.

Базарда орус мештин 5000 сомдук кичине модели да сатыкта турат. Ал орнотууда көп деле мээнетти талап кылбайт. Болгону коопсуз жерге орнотуп, кернейди үйдүн туура жеринен чыгарса болду дешет. Бул моделдеги мешти “буржуйка” менен орус мештин ортосунан чыккан жаңы түрү десек да болгудай.

Бул жаатта адистешип бүткөндөр мешти алууда темиринин калыңдыгына өзгөчө маани бериш керектигин эскертип келишет. Анткени жука темир менен жасалган меш өтө катуу ысыкка туруштук бере албай ээрип, шишип, ал тургай жарылып да кетүүсү толук мүмкүн.

Мешти туура колдонуу керек

Мештин жакшы тап берип үйдү жылытуусу - көмүрдөн, мештин туура орнотулганынан жана аны туура жагуудан көз каранды. Ошондуктан мештин кернейин кышында 2-3 ирет тазалап, мештин өзүндөгү майда жарыктарды убагында бүтөп, жылына 1-2 ирет оңдоп түзөп туруу керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жогорудагы жөнөкөй эрежелер сакталбагандыктан өлкө боюнча суткасына 6 өрт кырсыгы катталып турарын билдирди.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...