Акыркы макалалар

Бел боо күрөшүнөн кыргызстандык үч балбан дүйнө чемпиону болушту

Бел боо күрөшүнөн кыргызстандык үч балбан дүйнө чемпиону болушту

Татарстандын Казан шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбандар 3 алтын, 3 күмүш, 7 коло байгени утуп алышты. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мелдеш 21-22-ноябрь күндөрү өткөн. Ага 20дан ашуун өлкөнүн спортчулары катышты. Бел боо күрөшүнүн эркин түрүнөн кыз-келиндер арасында 76 кг. салмактан жогоркулар менен күч сынашкан Нагира Сарбашова, эркектер арасында 90 кг. салмакка чейинкилер арасында Нурбек Кожобеков жана классикалык түрүнөн 100 кг. салмактан жогоркулар арасында Бекболсун Кушубаков алтын байге тагынып дүйнө чемпиону болушту.

Командалык эсепте Кыргызстандын курамасы 13 медаль менен 2-орунду ээледи. Биринчи орунга Орусия, 3-орунга Казакстан курамасы жайгашты.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...