Акыркы макалалар

Кыргызстан Косто-Рикадан кем бекен?..

2012-жылдагы эң бактылуу өлкө болуп Латын Америкасындагы Косто-Рика өлкөсї табылган. Белгилей кетчү нерсе ушул эле өлкө 2009-жылы да бардык көрсөткүчтөр боюнча алдыга чыгып, бактылуу өлкө болгон.

Косто-Рика өзүнүн уникалдуу экологиясы, коруктары, улуттук парктары, дарылык касиетке ээ суулары, Тынч жана Атлантика океандарынын жана Кариб деңизинин жээктериндеги пляждары, тропикалык токойлору, курчап турган чөйрөнүн тазалыгы менен панетадагы бейиш бурчу катары таанылган. Элинин саны 5 млн.го жетпейт, бирок калкынын жашоо узактыгы, билим деңгээли жогору болуп эсептелет. Өлкө экономикасында туризм тармагы орчундуу орунду ээлейт.

Косто-Рика мамлекети курчап турган чөйрөгө зыян келтирбөө үчүн туризмге дайым акыл-эс менен мамиле жасап келген. Мунун бир мисалы катары мергенчиликке, тактап айтканда көңүл ачуу, спорттук мергенчиликке тыюу салынганын айтсак болот. Бирок бул жергиликтүү калкка жана илимий эксперименттер максатындагы иштерге жайылтылбайт. Салыштыруу иретинде айтсак, былтыр Кыргызстанда КирТАГдын маалыматы боюнча чет элдик туристтер үчүн 70 тоо текесине( горный баран), 400 тоо эчкиге(козерог), 20 элик(косуль) атууга уруксат берилип, иш жүзүндө 59 тоо эчкиси, 250 теке, 7 элик атуудан, бардыгы болуп 23,8 млн. сом каражат түшкөн. 1 тоо текесин атуу үчүн лицензия чет элдик туристтер үчүн 250 миң, 1 тоо эчки 36 миң, эликке (косуль) мергенчилик 10 миң сом турат. Ал эми кыргызстандыктар үчүн баалар алда канча төмөн. Мисалы, тоо эчки 600, элик 400 сом. Тоо текесин атууга чет элдиктерге гана уруксат берилет. Бул каражат күнүмдүк кызыкчылык үчүн керек, бирок жаратылышыбызга кандай зыян келтирип жатканыбызды да ойлоого мезгил жетти. Бизге жараткан кудай өзү куттуу жер, ажайып жаратылыш берип, ушуну менен күнүңдү көр деген сыяктанат. Дүйнө адам акылы менен өнүгүүнүн туу чокусуна чыгып, эми өз жетишкендиктеринин кесепеттерин тартып жаткан чак. Бактыга жараша кыргыз эли мындай апааттан алыс. Айрым бир проблемаларды эске албаганда, биз дагы да болсо кооз жаратылышыбыз, кутман жерибиз менен жаныбызды бага алабыз. Кудай берген куттуу жерибизди кор кылбашыбыз керек. Жерибизге, жаратылыш байлыгыбызга аяр мамиле жасап, чарба жүргүзүүнүн бүгүнкү талабына ылайык акыл-эс менен иш кылганды үйрөнүшүбүз ар бирибиз үчүн милдет болушу керек.

Бегим Турдалиева

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...