Акыркы макалалар

Путраджайядан Бишкектин айырмасы не?

Путраджайядан Бишкектин айырмасы не?

- Бул шаардын эли, калкы ким?

- Бул шаардын мэри кайсы жин?

- Көр саткан жерби? Арты ким?

(Ш.Дүйшеев)

Үн катпастан үч кыргыздын жанында турам. Үчөө күпүлдөп «коалиция», «тепти», «иши бүттү», «давно чечилген», «жакында жыргабайбыз», «шоу да» деп эле саясатты союп атышат. Тээ, нарытада Жамалбек дос соткесин чыкылдатып, тоодой үйүлгөн таштандыларды сүрөткө тартып жүрөт. Бу үчөө аны да «шыбыратып» жиберишти: «Таштандынын сүрөтүн не кылат?», - деп дундуйган каратору жигит сурап калды. Сары чийкил галстукчаны илгиртпей жооп узатты: «Не кылмак эле, сүрөттөрүн мэр Кулматовго жөнөтөт да. Убаракерчилик, илибой мэр келсе да таштандыдан Бишкекти арылта албайт. Анткени, «Тазалык» коррупциялашкан системага баткан ишкана...».

Андан аркысын уккум келген жок. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты таштанды төгүлүүчү темир челектери көрүнбөй дөбө-дөбө болуп үйүлүп жаткан акыр-чикирди сүрөтү менен тастыктап мэрге кабарлап, анысынын тили тазалагычтарына өтпөй, бозала болгон Бишкекти бир карап, бир аз күн мурун көрүп келген Путраджайяны эстеп эңгиреп турам десең...

Путраджайя - Малайзия өлкөсүндө, Куала-Лумпурдан 20 км. алыстыкта жайгашып, 50 чарчы км. аянтына 70 миңге чамалуу элди сыйдырган административдик борбор. Негизделгенине 20 эле жыл болгонуна карабай өнүгүүнүн нукура үлгүсүнө айланып отурат.

Былтыр август айында нак ошол Путраджайянын мэри Асех бин Че Мат Бишкекке келип, мэр Кубанычбек Кулматов менен жолугушуп, экономика, маданият, карым-катнаш маанайында масилеттешип, калың кагазга кол коюшкан. Ошонун шарапаты жана Малайзиядагы элчибиз Кылычбек Султановдун аракети менен Путраджайя мэрлиги уюштурган Ислам өлкөлөрүнүн достугу алкагындагы өнөр-маданият фестивалына Кыргызстандан төрт кыргыз барып катышып келдик.

Төлөсүндүн боз үйү

Этно-дизайнер Аруужан Алымкулова кыргыздын улуттук кийимдеринин укмуштай кооз түрлөрүн даңазалап, тили буруу модель кыздарга элечек ороп Тунис, Оман, Алжир, Кувейт өўдүү ондон ашык өлкөдөн келген өкүлдөрдүн оозун ачырса, Кыргызстандагы кол өнөрчүлөр кеңешинин жетекчиси Жамбы Карыбекова апабыз кийиз буюм-тайымдарын жайнатып, кызыккандарды «кыргызча сүйлөтүп» кайтты. Ал эми 5 жигит коштой 14 мүнөттө боз үй тигип рекорд койгон Төлөсүн Бектемиров Путраджайянын как чордонундагы музейге өз колунан жаралган 75 баш боз үйдү тигип берди. Кереге-уугун сыйпалап, шыпшынган малайзиялыктар түгүл чет жерден барган коноктордун да көз кумарын кандырып, кыргыз аттуу улуттун кыйындыгын жар салып, ошол музейдеги эң баалуу экспонат саналып боз үй турду. Жакшысы, ал боз үй Малайзиядагы кыргыз элчилигинин атынан, жамы кыргыз элинин атынан Путраджайя музейине тартуу кылынды. Элчиликтин жеңилин жерден, оорун колдон алган Малайзиядагы «Ала-Тоо» кыргыз биримдиги коомунун жетекчиси Айгүл Акималиеванын айтымында, музейге белек кылынган боз үй аталган өлкөнү байырлаган 500дөй кыргыз үчүн өтө маанилүү экен. Мындан кыргыздын намысына, келечегине карай жасалган аракет сая кетпегенине ынандым. Демек, салт-санаабызды кан-жанына сиңирип, тарыхый маданиятыбызды уламкы жаңы доорго жалгап, муундан-муунга мурастап келе жаткан уникалдуу уздарыбызга, колунан көөрү төгүлгөн усталарыбызга рахмат дейли. «Атын атаса - куту сүйүнөт» демекчи, ошол улуу өнөрдү кастарлап, аталган иш-чарага кыргыз элинин атынан катышып келүүгө дем берип, көмөк көрсөткөн, улут намысы үчүн ичкен ашын жерге койгон патриот агабыз Эркин Мамбеталиев мырзага да фестивалдын жалпы катышуучуларынын атынан ыраазычылык билдире кетпесек болбос.

Исламды туу туткан өлкөлөрдүн тизмегинде Кытай менен катар Кыргыз мамлекетинин аты чакырылып, дүйнө элдеринин маданият аркылуу бекемделип жаткан ынтымагына шериктеш болуунун өзү эске аларлык жагдай.

Акылга сыйбас калаада

Сөз башы Жамалбек достун «таштанды тартмайынан» башталып кетпедиби, Жамаке мэрине таштандынын сүрөтүн узатып болуп: «Ушинтип чындыкты сүрөт менен жеткирип атам, оозеки айтсам ордун талашып аткансып жаман көрөт... Азаке, Малайзиядан бирдеме көрүп келгенсиң го, унчукпай эле калыпсың» дейт. «Бизде жок нерсени көрүп келдим» десем, «ал не экен» дейт. «Ал - тазалык, ыйман, абийир» дедим...

Ооба, ошол биз кырылышып-сүрүлүшүп, атышып-сатышып жетпей келе жаткан ыйман менен абийир ошол Путраджайяда экен. Элинин аң-сезими, бири-бирине жасаган мамилеси, тартиби, маданияты, максаты, келечеги, бийлигинин кадыр-баркы ээн көчөсүн бир карасаң эле көрүнүп турат. Керек болсо, ар бир өсүмдүгүнөн байкалат. Ошол шаарда өсүп турган бактар дагы бактылуудай сезилди мага. Көңүл бурулбай калган томуктай таш көрбөдүм. Жолдору, жол чырактары, имараттары бири-бирине жуурулушуп не бир кооз, гармония. Жер шартынын түзүлүшүнө, рельефине, жаратылышына жараша архитектуралык жана магистралдык курулуштардын айкалышы, ири масштабдуу ландшафттык дизайн карегиңе акылга сыйгыс керемет сүрөттү тартканы тарткан. Мындай эбегейсиз жандуу көркөм эмгек жаратуу мүлдө малай журтунун гана маңдайына жазылган сыймыктыр.

Өнүкпөөнүн сыры

Ар элдин ырыскысы өзү менен да, аларың антип өмүр кечип атса, биз минтип таштандыны талаага алпарып төгүп коё албай «сен мокочо, мен мокочо» болуп отурабыз. Кезегинде Нариман Түлеев свети жаркыраган жол салды эле, «жебатат» деп камап тындык, Иса Өмүркулов Бишкектеги зым карагайларга гүл челек байлатып, гүл өстүрүп көрдү эле «жебатат» деп өңгөч тарттык, Кубанычбек Кулматов эчтеке кылбай койду эле таштанды ташы деп «жебатабыз». «Жебалып» ордуна Кубанычбек Жумалиевди мэр шайлап алсак деле таштандыдан арылбайбыз. Себеби, биз «ба-аягылар» казган ордон биротоло чыга албай калдык. Төңкөрүшүң апрелде өтөбү, декабрда өтөбү, шайлаарың ба-аягылар. Бармагыңды токко кактап, «биометрика» кылсаң деле кабылаарың Каныбек Капашович.

Таза шайлоо өткөрөбүз деп жүрүп, топулуу кыз тотуккан аял болду. Өнүкпөй аткан өлкө үчүн, тазаланбай жаткан таштанды үчүн «ме, кызматты, колуман келбей атат, сен иштечи» деп, көчүгүн күбүнгөн аткаминерге топон суу жүрүп кетсе да кезикпейсиң Кыргызстандан.

Эми, малайзиялыктар эмнеси менен өнүгүп жатканын нефть же Англиянын колониялыгынан, а биздин өнүкпөй атканыбызды «Кумтөрдөн» же Коркмазовдон көрө берсек жарашат. Бирок, ал жарашыктан да бийигирээк бир чындык бар. Ушуну моюнга алышыбыз керек: Путраджайя менен Бишкектин, малай эли менен кыргыздардын бир гана айырмачылыгы көрүнүп турат. Алар Кудайга бир нече кадам жакын, а биз Кудайдан бир нече кадам алыспыз...

Азамат КЫЯЗОВ

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...