Акыркы макалалар

Ысык-Көл облусунда тоо лыжа сезонуна карата туризм фестивалы ачылмакчы

Караколдо 21-22-ноябрда туристтик фестиваль ачылат. Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Америка Кошмо Штаттарынан келген туристтик блогерлер менен фотографтар, туристтик агенттиктер, спорт ассоциациялары катышат. Алар кышкы сезон астында, Жыргалаңдын туристтик багыт катары өзгөчөлүктөрүн изилдешип, жергиликтүү жана чет элдик экстремалдуу спортту сүйүүчүлөр үчүн жаңы эс алуу жайды ачуу үчүн келишмекчи.

Иш-чара Жыргалаңды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп жаткан «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” (BGI) долбоорунун көмөгү менен уюштурулган. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Россиялык журналист жана туризм жаатындагы блогер Светлана Хлебникова жаш кыргызстандык журналисттери жана спорттун экстремалдуу түрлөрүн сүйүүчүлөрү үчүн туристтик блог жазуунун негиздери боюнча бир катар семинарларды өткөрмөкчү. Ошондой эле, ал туристтик объектилердин башкаруучулары, спорт ассоциациялары жана башка катышуучулар үчүн спорт туризмин илгерилетүү максатында социалдык медианы натыйжалуу колдонуу боюнча тренинг өткөрөт.

Туристтик фестиваль, мындан тышкары, жергиликтүү калкты, анын ичинде жаштарды жана аялдарды, туризмди өнүктүрүү процессине катыштырууга да мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Аталган иш-чаранын алдында USAID жергиликтүү калк үчүн тамак-аш жасоо жана декоративдик колдонмо искусствосунун буюмдарын даярдоо боюнча мастер-класс өткөрмөкчү.

Бул алардын фестивалдын катышуучуларына өздөрү даярдаган жеңил тамак-ашты жана сувенирлерди сунуштай алышы үчүн уюштурулууда. Мындай тажрыйба жергиликтүү калкка туризм кандайча кошумча киреше алууга көмөктөшө ала тургандыгын ачык көрсөтүп берет.

Жыргалаң «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси» (BGI) долбоорунун туристтик жерлерди өнүктүрүү программасына кирген Кыргызстандагы 4 жергелеринин бири. Ал программа туристтик объектилер менен кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү жана өркүндөтүү аркылуу аймактагы экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...