Акыркы макалалар

Мыйзамсыз чек араны бузуп өткөн өзбек жаранына кылмыш иши козголду

Мыйзамсыз чек араны бузуп өткөн өзбек жаранына кылмыш иши козголду

11-апрель күнү Аксы РИИБнин кызматкерлери Кыргызстандын чек арасын бузуп өткөн Өзбекстандын Андижан облусундагы Пахта-Абад районунун тургуну Салиев Умарбек аттуу жарандын үстүнөн кылмыш ишин козгоду.Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан Жылдызбек Аттокуров билдирди.

«1969-жылы туулган С.Умарбек эч бир өздүгүн аныктоочу документи жок, Аксы районунунда жүргөн жеринен кармалып, аталган райондук ИИБне алып келинген. Өзүнүн сөзүндө Салиев жумуш издеп, чек араны 10-апрель күнү саат 13.00 чамасында бузуп өткөндүгүн айтып түшүндүргөн.

11-апрель күнү ага карата Аксы РИИБси тарабынан Кыргыз Республикасынын 346-беренеси (чек араы мыйзамсыз бузуп өтүү) менен иш козголду.

Учурда убактылуу жайда кармалып, тергөө иштери уланууда»,-дейт Аттокуров.

Кошумчалай кетсек, 2010-2013-жылдар аралыгында Кыргызстандын чек арасында 172 чатак катталып, алардын көбү Республиканын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарында болгон.

Кабарды кененирээк http://www.maralfm.kg сайтынан аудио форматында уга аласыздар

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...