Акыркы макалалар

Жер титирөөдөн улам Ошто айрым социалдык мекемелердин дубалдары жарака кеткен

Жер титирөөнүн кесепетинен Ошто айрым социалдык мекемелердин дубалдары жарака кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнөн кесепетинен Амир-Тумур аймактык кеңешинин милиция бөлүмүнүн имаратынын дубалдарынын кафелдери түшүп, №52-орто мектептин, Терещкова атындагы мектеп интернатынын дубалдарынын шыбактары көчүп жарака кеткен.

Ош шаарынын Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан 18-ноябрь күнү жер титирөөнүн кесепеттерин тактоо жана жеринде иш-чараларын аткаруу жүргүзүлүүдө.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Ош облусунун Кара-Суу районунда саат 02:03тө эпицентрде 4 балл болгон жер титирөө катталган.

Жер титирөө очогу Лангар айылынан 7 чакырым түндүк-чыгышты карай, Кара-Сөгөт айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышты карай, Баш-Булак айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышты карай жана Ош шаарынан 28 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Лангар айылында 3,8 балл, Кара-Сөгөт айылында 3,5 балл, Баш-Булак айылында 3 балл жана Ош шаарында 2-3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...