Акыркы макалалар

Энергетика министрлигинин ордуна энергетикалык холдинг түзүү демилгеленүүдө

17-ноябрда Жогорку Кеӊештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде "Кыргыз Республикасындагы Улуттук холдниг компаниялары жөнүндө" КР мыйзамына жана "Акционердик коомдор жөнүндө" КР мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Экономика жана өнөр жай министринин орун басары Данияр Иманалиев берген маалыматына караганда, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин базасында Улуттук энергетикалык холдинг түзүү планы иштелип чыкты. Ага ылайык, холдингди уюштуруу жана анын укуктук базасын түзүү иштери 2016-жылдын 1-январына карай аякташ керек. Ошондон улам, бир катар улуттук мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыккан.

"Энергетика стратегиялык тармак болуп саналат. Ал мамлекеттик көзөмөлүндө болууга тийиш. Холдинг өлкөнүн энергетикалык тармагын башкаруу жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча жалгыз оператор болуу менен, бул тармакта мурдатан орун алып келген коррупциялык жосундарга бөгөт болот. Ошондой эле, анын алкагындагы ири долбоорлордун ыкчам ишке ашырылуусуна түрткү берип, өлкөнүн энергетикалык коопсузудугун арттырат", - дейт Иманалиев.

Жыйын жүрүшүндө Улуттук энергетикалык холдингдин Директорлор кеӊешинин курамы 9 адамдан турары белгилүү болду. Анын ичинде 4 адам саясий мамлекеттик кызматтагы адамдардан, дагы 3 адам акционерлердин кызыкчылыгын коргогон мамлекеттен тышкары кызматкерлерден, ал эми калган 2 адам көзкарандысыз мамлекеттик кызматкерлерден шайланат. Ушундай эле холдингдер транспорт, тоо-кен, каржы кызматын көрсөтүү тармактарында да түзүлүшү мүмкүн.

Талкуу жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Комитет мыйзам долбоору парламентте каралганга чейин айрым жоболорду дагы бир ирет тактап чыгуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, жаӊыдан түзүлгөн өкмөттүн түзүмүндө Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, энергетика тармагын бирдиктүү бир мекемеге топтоо демилгеси каралган. Мурда өлкөнүн энергетика тармагынын жалпы акцияларынын 80 пайызы мамлекетке, 13 пайызы Социалдык фондго, калганы миноритардык акционерлерге таандык болгон.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...