Акыркы макалалар

Кыргызстанда тоо-лыжа курортторун стандартташтыруу тууралуу жобо иштелип жатат

Кыргызстанда тоо-лыжа курортторун стандартташтыруу тууралуу жобо иштелип жатат. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти билдирди.

Белгиленгендей, Темир Сариевдин 2015-жылы 15-октябрдагы №13/10 “Тоо-лыжа кластери” сынамык долбоору тууралуу протоколдук кеңешмесинде Туризм департаментине юстиция министрлиги менен бирдикте тоо-лыжа курорт мекемелеринин стандартын түзүү үчүн КРнын нормативдик-укуктук актыларына инвентаризация жүргүзүү тапшырмасы берилген.

Туризм департаменти тарабынан туризм чөйрөсүндө НУАны ички инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча тоо-лыжа курортторунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун нормаларынын жоктугу аныкталып, анын зарылдыгы мамлекеттин азыркы укук тутумунун маңызы жана мазмунун принциптери жана эл аралык укуктук нормалары менен шартталган.

Ушуга байланыштуу үстүбүздөгү жылы 16-ноябрда Туризм департаменти тоо-лыжа курортторунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу нормалардын жоктугуна байланыштуу маселелерди талкуулоо боюнча кеңешме уюштурган, ага юстиция министрлигинин жана экономика министрлигинин өкүлдөрү катышкан.

Күн тартибинде КРнын нормативдик-укуктук актылары, ошондой эле тоо-лыжа мекемелерине тиешелүү так нормаларды аныктоо максатында туризм чөйрөсүндөгү нормативдик-укуктук актылары талкууланды.

Жумушчу кеңешменин жыйынтыгында Өкмөттүн “КРда тоо-лыжа курортторун стандартташтыруу тууралуу жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...