Акыркы макалалар

«Jin Zhong» компаниясы КРда минералдык жер семирткичтерди чыгаруу боюнча завод куруунун мүмкүнчүлүктөрүн карашууда

«Jin Zhong» компаниясы минералдык жер семирткичтерди чыгаруу боюнча завод куруунун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууда. Мындай келишим вице-премьер-министр Олег Панкратовдун «Jin Zhong» (Кытай Эл Республикасы) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу учурунда жетишилди. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

“Мага белгилүү болгондой, «Jin Zhong» компаниясы энергетикалык жабдыктарды жана таш көмүрдүн негизинде минералдык жер семирткичтерди өндүрүүдө чоң тажрыйбага ээ. Ушуну эске алуу менен Кара-Кече көмүр кен байлагын комплекстүү өздөштүрүү жана продукциясы өлкөнүн ичинде да, өлкөдөн тышкары дагы талаптуу болгон минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча завод куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштайбыз”,-деди О.Панкратов.

Буга «Jin Zhong»компаниясынын өкүлдөрү кыргыз экономикасынын реалду секторлорун инвестициялоого кызыкдар экенин белгилешти.

“Минералдык жер семирткичтерди чыгаруу боюнча завод курууга биз көп көңүл бурабыз. Мындан тышкары, биздин компания азыркы учурда базарларда сатылып жаткандан 20-30%га арзан, заманбап, экологиялык жактан коопсуз курулуш материалдарын чыгаруу боюнча завод курууга даяр. Кара-Кече көмүр кенин өздөштүрүүгө катышуу – бул чоң жана кызыктуу долбоор, биз аны карап чыгууга кириштик”,-деп маалымат берди кытай ишкерлери.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...