Акыркы макалалар

Кыргызстанда быйыл түшүм мол болду /Инфографика/

Кыргызстанда быйыл түшүм мол болду /Инфографика/

Кыргызстанда быйыл түшүм мол болду. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Айыл чарбасы жана мелиорация министрлигинин дыйканчылык саясаты Башкармалыгынын башчысы Ж.Жумалиев билдирди.

«Быйыл жыл жакшы болду. Ага жараша айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кайсы түрү болбосун Кыргызстан боюнча мол түшүм алынды. Жалал-Абад облусунан Ноокен, Кара-Суу, Базар-Коргон, Чүйдөн Ысык-Ата райондору буудайдын ар гектарынан 30 центнерден түшүм алышты. Ал эми картөшкөдөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун дыйкандары ар гектардан 197 центнерден алышып, рекорд койду десек да болот. Ошону менен Кыргызстан боюнча 1 млн 393 тонна картөшкө жыйналып же ар гектарынан 165,2 центерден түшүм алынды»-деди ал.

Албетте, төө буурчактын да түшүмү жаман болгон жок. Талас облусу боюнча 96,6 миң тонна төө буурчак жыйналып, гектарына 18 центнерден айланды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 2,4 центнерге көптүк кылат. Чүйдөгү кызылчага келсек, анын түшүмү 1881 миң тоннаны түзүп, ар гектарынан 365 центнерден алынды. Былтыркыга салыштырмалуу ар гектардан 143 центнерге көп болду,-деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...