Акыркы макалалар

Бишкек – Ош унаа жолунда 30 тонна кара май төгүлдү

Жалал-Абадда Бишкек – Ош унаа жолуна кара май төгүлүп, учурда ал жерде кырсыкка кабылган машинаны көтөрүп тургузуу иши жүрүп жатат. Окуя кечээ кечинде Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын ортосундагы аймакта Бишкек – Ош жолунун 418-чакырымындагы Беке-Чал участогунда болгон.

Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет Тойчиевдин "Азаттыкка" маалымдаганына караганда, кырсыктан адамдар жабыркаган жок.

- 30 тонна кара май ташып бараткан чоң унаа оодарылып кетип, ичиндегиси төгүлгөн. Азыр машинаны кран менен көтөрүп жатышат. Кара май жолго эмес, тоонун арасына төгүлгөн. Эч ким жабыркаган жок.

Тойчиевдин айтымында, окуянын жол кыймылына залакасы тийген жок.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...